Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Талас облусу, Талас 14.05.2019 15:21

Талас шаарынын борбордук көчөсүндө 2 жумадан бери түнкү чырактар иштебей жатат

Turmush -  Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү (Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун тилкеси) түнкү чырактар бир нече күндөн бери өчүк турат. Бул тууралуу активисттер билдиришти.

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиевдин айтымында, аталган көчө мэриянын карамагында эмес.

«Биз Ч.Айтматов көчөсүндөгү жарыктандырууну кагазсыз эле, сөз менен күйгүзгөн элек. Куруп жаткан фирмадан биздин мэриянын балансына өтмөк. Учурда ал фирманын өкүлдөрү качып кетти деп издөөдө жүрүптүр. Ал борбордук трасса болгондуктан мэрияга тиешеси жок болчу. Талас шаардык электр тармактар ишканасынан «мэрия Ч.Айтматов көчөсүндөгү жарыктандыруу үчүн 300 миң сом карыз» деп биздин төлөшүбүздү талап кылышууда. А биз «ал биздин баланста эмес, бизге тиешеси жок» деп айтып жатабыз. «Бизге убактылуу пайдаланууга бериңиздер, биз убактылуу акчасын төлөйбүз» деп айтып жатабыз. Учурда ал эч кимдин балансында эмес жана фирма менен байланышууга мүмкүн болбогондуктан турат», - деди ал.

Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Нурдин Осмоновдун айтымында, Ч.Айтматов көчөсүндөгү жарык өчүрүлгөнүнө 2 жума болуп калды.

«Учурда ал жарыктандыруу үчүн 204 миң 610 сом 16 тыйын карыз. Талас шаардык мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба ишканасы төлөш керек болчу. Биз аларга бир нече жолу кат менен кайрылдык. Катыбызга «төлөп беребиз» деп жооп келген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин төлөшкөн жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×