Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусуСокулук району 14.05.2019 14:09 На русском

«Акчалуу эркектерге салып берип...» Сокулуктун сулуусун кимдер алдап кетишти?

Turmush -  Жергиликтүү интернет басылмалардын бирине аты-жөнү жашырылган, белгисиз кыздын: «Мt beauty models эл аралык форумунун директору Токтосун Намазов мени алдоо жолу менен акчалуу эркектерге салып берип жүргөн» деген маеги чыккан. Андан көп өтпөй аты аталган Токтосун Намазов мындай маек берген кыз «Сокулук сулуусу» сынагын утуп алган Ажар Кубанычбекова экенин жана ал моделдик тармакта иш алып барган Чолпон Сакенованын көрсөтмөсү менен жалган маек бергенин айтып чыкты.

Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын тактоо үчүн алгач «Сокулук сулуусу – 2018» наамын жеңип алган, аталган чырдын башкы каарманына айланган Ажар Кубанычбекова менен байланышты.

Ажар Кубанычбекова

Ажар

«Бул маалыматтар жалган. Атайын кагазга жазылган текстти жөн гана окуп бергем. Анда сөз башынан болсун. Токтосун Намазов менен кечинде уруша кеткенбиз. Чолпон Сакенова мага "Токтосун алдап жатат. Моделдик долбоорго мүчөлүк акыны силерден жөн эле алды" деп айтканда мен чын эле шек санап калдым. Анткени долбоор эчак эле токтоп калган экен. Негизи экөө (Токтосун менен Чолпон) урушуп жүрүшкөн. Ошондой маалда мен алардын куралы болуп калдым. Чолпон эже мени колдонуп, жалган маалыматты жаздырды. Ал менин Токтосун Намазалиевге ачуум келип турганын көрүп, "үнүңдү жаздырып, сени алдап эркектерге салып берип жүргөн деп айтабыз. Журналисттер атыңды жазышпайт, жөн гана жазышат" деген. Мен жиним менен макул болуп, ал маекти эртеси берген болчумун. Бирок "менин атымды чыгарбагыла, туугандарым, ата-энем бар. Жөн жерден жаман аттуу болбоюн" дегем. Маектешип кеткенден кийин кайра ойлондум. Журналисттерге "силер журналисттик этика бар дегенсиңер, эгер мен макул болбосом чыгарбайсыңар" десем, башкы редактор "макул чыгарбайм" деп айткан болчу. Бирок Чолпон эже мага "баштагандан кийин аягына чыкпайсыңбы, эмнеге кайра артка качып жатасың" деп айткандан кийин коркутуулар келип баштады. Акыры Чолпон эже "эгерде сен өзүң айтпасаң, анда мен айтам. Аты-жөнүң менен чыгарып, бүт өлкөгө уят кылам" деген», - деди ал.

Ал эми Чолпон Сакенова Токтосун Намазалиев менен Ажар Кубанычбекова жалган айтып жатышканын билдирди.

Чолпон Сакенова

WhatsApp Image 2019-05-14 at 13.45.21

«Мен жөнүндө айтылган маалыматтар жалган. Аларда эч кандай далил жок эле интернет басылмаларга маек берип жатышат. А, менде болсо бардык далилдер бар. Биз бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылабыз. Токтосун Намазалиевден көп киши жабыр тарткан. Көп кишини алдап, акчаларын бербей жүрөт. Толгон-токой кылмыштары бар экен. Алардын баарынын фактылары бар. Бул ызы-чууну социалдык түйүнгө чыгарып койсок, мага Токтосундан жабыр тарткандар кайрылып башташты. Мен өзүм чоң эле адаммын, 6 неберем бар. Бир дагы адамга зыян кылгым келбейт. Бул кыздар кыргыздын сыймыгы, эртеңки эне, жубай. Аларды минтип кордогонго эч кимдин укугу жок. Бул жалган маалыматтын арты менен моделдик ишмердүүлүктүн кадыры түшүп, менин репутацияма зыян берип жатат. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Орозо айында ушундай жаман нерсени чыгарып жатышат.

Ажар мага "Токтосун байке туура эмес жолго түртүп жатат" деп ыйлап, такси менен келген. Мен таксинин акчасын төлөп, кабыл алгам. Анын айтканын угуп, "кел диктофонго жаздырып, сайттарга атыңды жашырып берели. Мындай алдамчы балдар жазасын алышы керек" дегем. Ал өз каалоосу менен макул болгон. "Коркпой баарын айтып берем" деген. Ал канча жылдан бери сулуу кыздарга сынак жарыялап, акча алып, бирок эч кандай жыйынтыгын берчү эмес. Кээ бир кыздарды ушинтип акчалууларга сунуштап, аларды видеого тартып алып коркутуп жүргөн экен. Ажар боюнча менде далилдер бар. Ажар азыр башкача сүйлөп жатканынын себеби, "уят видеоңду көрсөтөм" деп коркутуп жатыптыр», - деди ал.

Ал эми Ажарды акчалуу адамдарга салып берген деген сөзгө кабылган Токтосун Намазов мунун баары жалган экенин, Чолпон Сакенова бул ызы-чуудан өзүнө жарнама жасап жатат деген пикирин билдирди.

Токтосун Намазов

WhatsApp Image 2019-05-14 at 13.33.28

«Менде эч кандай видео жана сүрөт жок. Ажарды коркуткан жокмун. Мунун баары жалган. Менде бардык далилдер бар. Негизи бул ызы-чуунун арты менен Чолпон Сакенова өзүнө жарнама жасап жатат. "Ложь ради пиара" деген сөз бар.

Негизи Чолпон Сакенованын студиясын ижарага алып, моделдеримди “Моделдер таймашы” долбооруна даярдачумун. Ал дайыма менин кыздарымды сүрөткө, видеого тартып, аларды студиясынын атына пайдаланып, социалдык баракчасына киргизчү. Мен акыры буга каршы болдум. Ушундан улам пикир келишпестиктер чыккан. 7-майда мен, моделим Ажара Кубанычбек кызы экөөбүз жарнамалык агенттиктин жетекчиси менен тамактанууга барганбыз. Кеч болуп калганына байланыштуу батиримде түнөп калдык. Ошол убакта Чолпон эже моделдериме мени жамандады. Анын сөздөрүнө ишенген Ажар мени менен урушуп, кетип калды. Чолпон эже дароо үйүнө чакырып алыптыр. Мага каршы маек берүүгө үндөп, алдап көндүрүптүр. Мага жини келип жаткан кыздын абалынан пайдаланып, кагазга өзү сөздөрдү жазып бериптир. Андан соң Ажарга окутуп, диктофонго түшүрүп алыптыр.

Мени толтура кишиден алдап акча алган дейт. Андай болгон эмес. Төрт дүкөн мага 150 доллардан берген, ал акчалардын баары жарнамаларга кетти. Менде эсеби жазылган документ бар. Демөөрчүлөргө жолукканда мага эч кандай доосу жок экенин айтышты. Аларга "Моделдер таймашы" долбоорун уюштуруп же акчасын кайрып береримди айткам», - деди ал.

Мындан эки жыл мурун Чүй облусунун Сокулук районунда «Сокулук сулуусу-2018» кароо-сынагы өткөрүлгөн. Бул сынакты «Beauty Company Kyrgyzstan» жана «Бишкек сулуусу-2018» сынактарынын жеңүүчүсү Сезим Асранкул кызы уюштурган.

Сынак Сокулук райондук маданият үйүндө өтүп, ага жалпы 9 кыз катышкан. Сынактын жыйынтыгында «Сокулук сулуусу-2018» наамына Ажар Кубанычбекова ээ болгон. Ал эми «Сокулук 1-вице сулуусу» наамына Айгерим Саякбаева, «Сокулук 2-вице сулуусу» наамына Айгерим Бейшембекова татыктуу болгон. Башка катышуучуларга «Топ модель», «Топ фото модель», «Стиль сулуусу», «Талант сулуусу», «Жылдыздуу сулуу» номинациялары ыйгарылган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×