Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.05.2019 12:44 На русском

Ысык-Көлдө жаштар ишкер айымды эс алуу жайын жабууга мажбур кылышты (видео)

ЦО «Ак-Суу Кенч»
ЦО «Ак-Суу Кенч»

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан «Ак-Суу кенч» эс алуу жайынын ишмердигине жергиликтүү жаштар нааразы болуп чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эс алуу жайындагы жуунучу бөлмөдөн, бассейндерден чыккан саркынды суу эл ичип жаткан Ак-Суу суусуна кошулуп жатат.

«Айылда мындай эс алуу жайлардын ачылганы жакшы. Бирок бир ишкер киреше табат деп, 12 миңдей адам кир сууну ичип жатат. Аны ичкен элдин ден соолугу кандай болот? Жаштар сууну тазалоону талап кылууда», - дейт айыл тургуну Фархад Ыдырысов.

Жаштардын нааразычылыгы көптөн бери уланып жаткандыктан бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына Санэпидкөзөмөл кызматы, ӨКМ, райондук прокуратура, Экотехинспекциянын, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана жаштар кирген. Комиссия аталган жерге барганда тургундар менен эс алуучу жайдын ээсинин ортосунда кайым айтышуу болду.

«Суу тазалоочу жай Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына тиешелүү. Ошондуктан эс алуу жайы менен оорукананын келишими бар. Бирок келишим 8 жуунучу бөлмөгө гана түзүлгөн. Андан чыккан суу тазалоочу жайга кетет», - дейт инженер Т.Кенжебаев.

Ал эми Экотехинспекциянын суу ресурстарын жана объектилерди көзөмөлдөө боюнча улук инспектору Кайрат Атакозуев: «Ак-Суу районунун жаштары райондук администрацияга кайрылган. Алар бизге кайрылды. Мен азыр бул ишти мыйзамдуу же мыйзамсыз деп айта албайм. 2018-жылы декабрь айында комиссия менен келгенбиз. Анда документтер толук болгон эмес. Аларды толуктап, кемчиликтерди жоюуга убакыт берилген. Бирок ортодо мыйзам алмашып, текшерүү болгон эмес», - деди.

Ошондой эле ал ӨКМ тарабынан суунун жээгине дамба куруу эскертилгенин белгиледи.

Ал эми «Ак-Суу кенч» эс алуу жайынын ээси Чынара Урманаеванын айтымында, бул жердин 20 сотых аянты жеке менчикке таандык. Алар 2 сотых жерди айыл өкмөттөн ижарага сураган. Чыр ошондон башталган. Эс алуу жайы суунун бир кубуна 33 сом төлөйт.

«Эс алуу жайын 4 жылдан бери куруп жатабыз. Анын иштеп баштаганына июль айында бир жыл болот. Биз айылга саркынды суу тазалоочу жай курулгандан кийин гана иштеп баштадык. Суу тазалоо жайы ооруканага тиешелүү болгондуктан алар менен келишим түзгөнбүз. Анда суу тазалоочу жайды колдонууга уруксат берилген. Бул чыр айыл өкмөттөн кошумча 2 сотых жерди ижарага сурап барганда башталды. Айыл өкмөт башчы жаштар менен келип, 7-майда сууну жаап, ишканамды жаптырды. Мен бул ишти баштаганда насыя алгам. Аны кантип төлөйм?», - дейт ишкер Чынара Урманаева.

Ал эми Теплюключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаевдин айтымында, алар эс алуу жайдын ээсине бир гана талап коюшкан.

«Ак-Суу кенч» жана «Арашан» бассейндери бар. Экөөнүн тең саркынды суулары таза сууга кошулуп жатат. Биз эс алуу жайдын ээсинен саркынды сууларды тазалоочу жай куруп, элге зыян келтирбөөнү гана талап кылып жатабыз», - дейт Т.Көбөнбаев.

«Ак-Суу кенч» эс алуу жайынын суусунда натрий, калий, магний, кальций, фтор, хлор, сульфат, гидрокарбонат бар болгон минералдык суу. Ал жүрөк кан тамыр ооруларына, зат алмашууга, радикулит, жыныстык жана тери ооруларына пайдалуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×