Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуӨзгөн району 14.05.2019 17:57 На русском

«Бир түндө 3 жолу»: Өз кызын зордуктап, боюна бүтүргөн атага өкүм чыкты

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Өзгөн райондук соту өз кызын зордуктаган 46 жаштагы Мажитке (аты өзгөртүлдү, М.М.М.) карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Мажит 2018-жылдын июль айында болжол менен саат 01:00 чамасында Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында өзүнүн 9-класста окуган кызына карата күч колдонуп, зордуктаган. Кийин окуучу кыз өз атасынан кош бойлуу болгон.

Мажиттин айтымында, анын жубайы 2013-жылы оорудан улам каза болгон. Анын колунда кызы жана 4 уулу калган. 2015-жылы башка аял менен баш кошкон, бирок 1 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Окуя болгон күнү ал жыныстык катнашка барууну каалап, бирок адашып, кызынын бөлмөсүнө кирип кеткен. Кызынын каршылык көрсөткөнүнө карабай 2 жолу зордуктаган. Ал кызынын боюна бүткөнүн билген эмес.

Окуучу кыз операция жолу менен төрөп, бирок баласынан баш тарткан. Учурда ал Ош шаарындагы кризистик борбордун көзөмөлүндө жана эч ким менен сүйлөшпөйт. Аны соттук процесске катыштырышкан эмес.

Окуучу кыз буга чейин атасы аны өз бөлмөсүнө алып кирип, диванга отургузуп, бетине чапкылап, ич кийимдерин чечип зордуктаганын айткан. Кыздын айтымында, ал эсин жоготконуна карабай, атасы аны бир түндө 3 жолу зордуктаган.

Жыйынтыгында райондук сот айыпталуучу Мажитти 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында өз атасынан боюна бүткөн 15 жаштагы өспүрүм кыз төрөгөнүн жазган.

«Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекованын айтымында, 15 жаштагы кыз Ош облустук төрөт үйүндө операция жолу менен көз жарган.

«Өспүрүм кыз 5-апрель күнү операция жолу менен уул төрөдү. Баласын төрөт үйүнө эле таштап кетет, себеби баланы бакканга шарты жок. Кызды кайра “Ак жүрөк” кризистик борборуна алып кетебиз», - деген Дарика Асылбекова.

Ош облустук төрөт үйүнүн маалыматына караганда, 15 жаштагы өспүрүм кыз 5-апрель күнү саат 20:13 чамасында көз жарган. Баланын салмагы 2 кг 400 г болгон. Эне-баланы бири-бири менен көрүштүрүшкөн, бирок өспүрүм кыз баласын эмизген эмес. Кыздын багууга шарты жок болгондуктан, баласынан баш тарткан. Ымыркай Ош шаарындагы реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилген.

---------------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кыздын атасы кармалганын жазган. Атасы күнөөсүн мойнуна алып, авто кырсыктан кийин акыл-эси жайында эместигин билдирген. Бирок экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси жайында болгон деген бүтүм чыккан.

Кармалган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 11-март күнү анын иши Өзгөн райондук сотуна өткөрүлгөн. Ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган болчу.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчылары окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу кыз окуган мектепке барып келишкен (толук маалымат бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×