Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуАт-Башы району 14.05.2019 12:12 На русском

Белгисиз үндөр, кароолчуларды коркуткан көрүнчүлөр: Ат-Башыдагы акимчиликтин алды мүрзө болгонбу?

Turmush -  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын имараты мүрзөнүн үстүнө курулган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мекемеде кароолчу болуп эмгектенген Ишенбек Айтбаев билдирди.

Ишенбек Айтбаев бул жерде иштегенине 24 жылдын жүзү болду. Ага жогорудагы маалыматты өзүнөн мурун иштеген кароолчулар айтышкан.

Ишенбек Айтбаев 1958-жылы 1-майда Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында төрөлгөн. Мектепте 10-класска чейин окуп, Нарын районунун Достук айылындагы кесиптик окуу жайдан электрик-сантехник кесибин алып чыккан. Андан кийин аскерге барып, Ат-Башыдагы автобазада 2 жыл электрик-сантехник, топ-базада 7 жыл жүк ташуучу болуп иштеген. 24 жылдан бери Ат-Башы райондук мамадминистрациясында эмгектенип келет.

«Бул имараттын алды мурда мүрзө экен. Мен иштеп жүргөндө бир топ кароолчулар келди. Бирок иштей албай коюшту. Анда мен сантехник болчумун. Бир жолу кечинде келсем, кароолчу эшиктин алдындагы бактын түбүнө жатып алыптыр. Эмне болду десем “мен бул жерге кирбейм, ээси бар экен” деди. Далай кароолчулар ушинтип иштебей кетип калышты. Бул жакка кийин мен эле түттүм.

Бир жолу имаратка кирип келе жатканда капталдан ысык шамал уруп өттү. Ошондо бир жаагым шишип кетти. Ошол кездеги кароолчу молдо чалыш болчу. Ал мага дем салып, “сени эпкин урган турбайбы?” деди. Шишик 2 сааттан кийин тарап кетти. Негизи бул жерде келме келтирип, жыт чыгарып туруш керек экен. Менин угушума караганда, имарат курулуп жатканда экскаваторщик-айдоочу каза болуптур. Алгач мечит, андан кийин ушул имарат курулган. Мурунку аким Болот Исаев күндө нөөмөтчү койчу, ошондо бирөө кичинекей баланын акимдин бөлмөсүнө жөргөлөп кирип кеткенин көрүптүр. Үн чыгат, эшик ачылып жабылат деп калышчу», - деди ал.

Ишенбек Айтбаев бул имараттын ичинен көрүнчүлөр көрүнөрүн кошумчалады.

«Ооба, көрүнөт. Бирок так эмне көрүнөрүн айтпайм», - деди ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ат-Башы райондук мамадминистрациясынын имараты турган жер мурда көрүстөн болгон. Кийин мүрзө түздөлүп, имарат курулган. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсүндө, аталган түзүмдүн имараты 1985-жылы курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×