Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 14.05.2019 11:26

Ош шаардык кеңешине 4 жаңы депутат келди

Ош шаардык кеңешинин жыйыны
Ош шаардык кеңешинин жыйыны

Turmush -  Ош шаардык кеңешине 4 жаңы депутат келгенин аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 14-май күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги 20-сессиясы өтүп жатат. Жыйындын башында жаңы кызматка киришип жаткан 4 депутатты Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү тааныштырып, аларга депутаттык төш белгилерди тапшырды.

Жаңы депутаттар:

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жана «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Таалайбек Шавановдун ордуна Калыбек Үркүнбаев келди;

- «КСДП» депутаттык фракциясынын мүчөсү Хамидилло Исмаиловдун ордуна Санжарбек Анарбек уулу келди;

- Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жана «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Айбек Камаловдун ордуна Эрнист Мырзаев келди;

- Бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жана «КСДП» депутаттык фракциясынын мүчөсү Идрисбек Кубатбековдун ордуна Марс Мусаев келди.

Жыйында айрым депутаттар, вице-мэр Асылбек Топчубаев жана мэриянын бир катар кызматкерлери Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланышты. Жыйынга жалпы 45 депутаттын ичинен 41 депутат катышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×