Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуКара-Суу району 14.05.2019 10:18

Кара-Суу районунда 4 үй өрттөндү. Жергиликтүүлөр 7 үй күйгөнүн айтууда

Turmush -  Кечээ, 13-майда Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылынын Ибн Сина көчөсүндөгү үйлөр өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи үйдүн 64 чарчы метр чатыры, экинчи үйдүн 200 чарчы метр чатыры, үчүнчү үйдүн 200 чарчы метр чатыры жана төртүнчү үйдүн 165 чарчы метр чатыры күйгөн. Жалпысынан 4 үйдүн 629 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатырлары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 7 бөлүм, ИИМден 15 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, «Газпром» мекемесинен 4 кызматкер, РЭТ кызматынан 2 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 21:22де чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн. Кырсык электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыккан.

Окуя тууралуу:

Кечээ Ибн Сина көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлгөндүгү белгилүү болгон. Анда өрт өчүрүүчү кызматкер жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар иш учурунда өрт өчүрүүчү кызматкер шатыдан кулап кетип, милиция кызматкерлери жабырлануучуну ооруканага жеткиришкендигин айтышкан.

ӨКМдин өрткө каршы күрөшүү бөлүмү, окуянын себебин тактоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирген. Өрт өчүрүүчүлөр 4 үй жабыркаганын айтса, жергиликтүү тургундар жалын 7 үйдү каптаганын айтышкан. Өрт тууралуу маалымат саат 20:30 чамасында түшүп, саат 21:20 чамасында чектөөгө алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×