Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 13.05.2019 19:10

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Көкөшов кетменден тарта үйдүн жылытуу системаларына чейин жасайт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 42 жаштагы тургуну Нурболот Көкөшов темир устачылык менен эмгектенип келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылыкты өз алдынча үйрөнгөн.

«Темир устачылыкты жана ширетүүчүлүктү өз алдымча үйрөнүп алгам. Атам убагында колхоздун мыкты ширетүүчүсү болуп иштеген экен. Мен атамдын жасаган эмгектерин учурунда көрбөсөм дагы жөндөмүм бар болгондуктан ишти улап кеттим. Үйдүн улуусу болуп дагы жаштайымдан инилериме баш-көз болуп, көптү үйрөнүүгө туура келген.7 жылдан бери тынымы жок, берилип иштеп келе жатам. Кудайга шүгүр, эмгегим бааланып, элдин аягы үзүлбөйт. Жок эле дегенде кетмен, күрөктөрүн оңдотуп кетишет. Ага чейин ар кандай жумуштар менен иштеп келгем. Бүгүнкү күндө темир жагында гана жүрөм. Жумуш жакшы болуп турат. Элден буйрутмалар көп келет. Үйгө жылуулук киргизгенден баштап, талаа шаймандарына чейин жасатып кетишет.

Үйлөргө жылытуу системасын орнотуу алгачкы учурларда кыйыныраак болчу. Улам баары жакшырып отуруп, азыр үйгө бат жана чаңдатпастан орнотуп берем. Кардар эмне буйрутма берсе алгач ченеп, эсептеп берем. Кээ бирлери тыйынын берип, «керектүү темирлерди өзүң алып келип жасай бер» десе, кээ бирлери өздөрү алып келип беришет. Азыр темир-тезек да кымбат.

Дарбаза дагы жасайм. Материалдын калыңдыгы, кенендигине карата баасы чыгат. Дарбазаларды майда-чүйдө иштерине жараша 7 күнгө чейинки убакытта жасап берем. Азыр жылытуучу мештерди жасап жатам. Аны кооздоп дагы берем. Оңой эч нерсе жок, ширетүү иши көздү алып, ден соолукка зыян. Меш 3-4 күндө бүтө турган жумуш. Мен такай ушул иш менен алек болуп, 2 күндө жасап коём. Жылытуу системасына үнөмдүү болуп ылайыкталган мештер ар үйдүн көлөмүнө жараша жасала берет. Темир оор болгондуктан жылдырып, кармашып, балдарым дагы жардамга келишет. Айына 30 миң сомдун тегерегинде табам. Сезон убакта айына 100 миң сомго чейин болот. Бирок акыркы 1-2 жылдан бери эл сезонго деле карабай калышты. Азыр деле тыным жок иштеп келем. Кесибим менен сыймыктанам.

Биринчиден, элдин ишенимин актап, алардын айткандарын жасап берип жатам. Экинчиден, бир катар шакирттерге устачылыкты үйрөтүп, өз алдынча иштеп калууга түрткү болдум», - деди ал.

Темир уста 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×