Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 13.05.2019 17:45 На русском

Ошто Каржы полициясынын тергөөчүлөрү күрөөканадан 5 млн сомдук алтын жасалгаларды алып кетишкен, - ишкер. Видео

Күрөөкананын ээси Алберт Рахманжанов
Күрөөкананын ээси Алберт Рахманжанов

Turmush -  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусундагы бөлүмүнүн тергөөчүлөрү Ош шаарындагы «Ломбард 24» күрөөканасынан 5 млн сомго бааланган алтын буюмдарды «лицензия жок» деген жүйөө менен алып кетишкен. Бирок соттун чечими менен ал буюмдар күрөөканага кайра кайтарылышы керек болчу. Ага карабай учурда алтын жасалгалар кайтарылган жок. Бул тууралуу «Ломбард 24» күрөөканасынын ээси Алберт Рахманжанов бүгүн, 13-майда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, күрөөгө коюлган алтын буюмдардын баары бир гана адамга таандык болгон. Күрөөкананын ээси алтын буюмдарды күрөөгө койгон жаранга 1 айлык мөөнөт менен 6 млн сомго жакын акча берген.

«Биз күрөөкананы 2016-жылы ачканбыз. Бир жылдан кийин эле лицензия алганбыз. 2017-жылга чейин күрөөканалар лизенциясы жок эле иштечү. 2017-жылы өкмөттүн токтому менен лицензия менен иштөөгө милдеттендирилген. Биз күрөөкананы ачкандан 1 жылдан кийин лизенция алдык. 2018-жылы 10-октябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Ош облусундагы бөлүмүнүн тергөөчүлөрү иш козгоп, колубузда лицензия бар кезде алтындарды алып кетишкен. Ал алтындардын базардагы наркы 5 млн сомго бааланган. Мен бул боюнча тиешелүү мекемелерге, Ош облустук прокуратурага кайрылгам. 2019-жылдын 2-апрелинде Ош шаардык сотунун чечими чыккан. Ага ылайык тергөөчүлөр мага алтынды кайтарып бериши керек болчу. Бирок тергөөчүлөр кайтара турган алтын буюмдар күрөөканадан алынган алтындарга такыр төп келбей жатат. Азыр жазган арызымды ала элекмин. Бирок мага бейрасмий адамдар аркылуу ар кандай кептерди айттырып жатышат», - дейт Алберт Рахманжанов.

Ал тергөөчүлөр алтын буюмдар сейфте сакталып турганда жок болуп кеткенин айтып жатышканын билдирди. Ошондой эле ар кандай таризде басым жасалып жатканын кошумчалады. А.Рахманжановдун айтымында, алтын буюмдарды күрөөгө койгон адам буга чейин 2 күрөөкананы алдаганы аныкталган.

Turmush басылмасы айтылган дооматтар боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусундагы башкармалыгына кайрылган. Бирок аталган мекемеден кийинчерээк жооп беришерин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×