Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусу, Нарын 13.05.2019 17:13

Нарындын сулуусу аталган Айдана Ташкентке эс алууга жолдомо алды

Turmush -  Нарын шаарында «Нарын сулуусу-2019» сынагы болуп өттү. Аны 16 жаштагы Айдана Асанбекова жеңип алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айдана Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7 орто мектепте 10-класста билим алат. Анын айтымында, бул сынакка апасынын сунушу менен алгачкы ирет катышкан жана жеңүүчү болом деп алты күн уктабай жакшы даярдыктарды көргөн.

«Мен өзүм мектеп окуучусумун. Мындай сынакка биринчи жолу катышып жатам. Апам ушундай сынак болот экен деп айтып калды. Мен болсо алгачкы тандоодон өтсөм өтүп калдым, өтпөсөм жок деп эле катыштым. 1-турдан өткөндөн кийин өзүмө бир аз ишенип, финал болгуча уйкудан калып, жакшы даярдыктарды көрдүк. Апам дагы дайыма менин жанымда болуп, бардык жардамын берип жатты.

Жеңгенде Ташкентке жолдомо алдым. Менде өзгөчө толкундоолор болуп жатат. Мындай сезимдерге биринчи ирет кабылышым. Ата-энем, бир туугандарыма ыраазычылык билдирем. Мага күндө мотивация берип жатышты. Буюрса дагы көп ийгиликтерге жетишип, апамды сүйүнткүм келет. Бардык катышуучулардын өзгөчө таланттары бар экен. Алар менен жакын достордон болуп калдык. Уюштуруучуларга дагы ыраазычылык билдирем», - деди Айдана.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×