Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 13.05.2019 16:13 На русском

Айыл турмушу: Мурдагы малчы, уста, азыркы миллионер жубайлар Н.Айнабеков менен Б.Соорбекова (видео)

Н.Айнабеков менен Б.Соорбекова
Н.Айнабеков менен Б.Соорбекова

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургуну — 62 жаштагы Нуркул Айнабеков менен 59 жаштагы жубайы Бурул Соорбекова 6 жылдан бери багбанчылык менен алектенип, жылына 1 млн сомго чейин киреше таап жатышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жолдошу: Биз үй-бүлөбүз менен Шекер айылынан 1 км алыстагы алма багыбызга жакын жерде жашайбыз. Өзүм буга чейин жылкы бактым, атайын мал багып жүрдүм. Кийин сугатчы болуп колхоздо иштедим. Устачылыкка абдан жакынмын. Темир ширетүүчү болуп айыл элине кызмат кылдым. Жашың өткөн сайын ал-күч кете берет экен. Мурункудай оор жумуштарды көп кыла албай калдык. Жубайым экөөбүз кеңешип, жерибизди алма бак кылууну туура көргөнбүз. Кирип-чыгып түшүмүн сатабыз деп кеңешип, 1 гектар жерибизди алма бакка айландырганбыз. 1 гектар жерде 423 алма көчөтү бар. 6 жылдан бери түшүмүн сатып жатабыз. Андан сырткары өрүк, кара өрүктүн көчөттөрү бар. Алар дагы акырындан түшүм берип жатышат. Алманын 4-5 түрү бар. Эң өтүмдүү сорттору — сары, кызыл жанат алмалар, семеренко, конфетка. Булар жакшы сакталат. Убагы менен карап, дарыларын берип, курттарын терип карайбыз. Күзүндө түшүмүн терип өткөрөбүз. Жылда жакшы түшүм алабыз. Айылдан атайын сатып алып кетишет. Андан артканын Бишкекке, Жамбылга алып барып, 1 кг 30-35 сомдон сатып келебиз. Кирешени эсептесек абдан жакшы киреше кирет экен.

Жубайы: Жолдошум экөөбүздүн 3 кыз, 2 уулубуз бар, кыздарыбыз турмушта. Бир балабыз үйлөнгөн. Биз кичүү уулубуздун колундабыз. Аны дагы үйлөнтүп, бизди неберелүү кылат деп отурган чагыбыз.

Нуркул экөөбүз 1980-жылдары баш кошконбуз. Ошол жылдардан баштап эле мал, дыйканчылык менен эмгектенип жүрдүк. Биздин жашаган жерибиз айылдан бир аз алысыраак, алма бакка ыңгайлуу. 6 жылдан бери багбанчылык менен алектенип, түшүмүн сатып, киреше таап жатабыз. Айылда жашап деле миллионер болууга кантип болбосун? Бир ишти баштаган соң тырышып алып кетүү керек. Биз деле көчөттөрдү тигип коюп, түшүмүн алып жаткан жокпуз. Көчөттөрдү базардан жакшысын 180 сомдон, орточосун 150 сомдон сатып келип отургуздук. Башында кээ бир көчөттөр куурап калып жатты. Убагы менен сугарып, атайын курт түшпөш үчүн дарыларды берип, үстүнөн түшпөй карап келдик. Азыр жетилип, түшүмүн берип калышты. Бул жерде жайкы жана кышкы алмалар көп. Көпчүлүк бөлүгүн кышкы алмалар ээлейт. Алар жазга чейин сакталып тура берет. Сатып алуучулар үйгө келип, өздөрү терип алып кетишет.

Багбанчылыктан тышкары мал, талаа жумуштары менен алектенебиз. Өзүм үй кожойкесимин. Чалым экөөбүз тең пенсиядабыз. Бош убактыбызда алма бакты аралап эс алып келебиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×