Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 13.05.2019 15:13 На русском

«Баламды 10 жолу молдого окуткам»: Оштогу журналисттер катышкан жаңжалдын жаңы жагдайлары. Видео

Turmush -  Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү «Де люкс» конок үйүндө кумаркана деп шек жараткан жайда чыр чыкты. Бүгүн, 13-майда аталган жайга «акчабызды алдаттык» деп арызданган жарандар менен бирге журналисттер барган. Ал жердин күзөтчүлөрү журналисттерге кол салышып, пикир келишпестик чыккан.

Күзөтчүлөр түз эфир аркылуу аталган жайды тартып жаткан журналисттердин бири Ыдырыс Исаковдун колун кайрышып, колундагы уюлдук телефонун тартып алууга аракет кылышкан.

«Мага кол салуу болду. Бирок олуттуу деле жаракат алган жокмун. Колдорум тытылды. Милицияга арыз жазып же жазбай турганымды азыр айта албайм», - деди журналист Ы.Исаков.

Дагы бир журналист Даткабек Шабданбек уулунун айтымында, анын чөнтөк телефонун аталган жайдын күзөтчүлөрү күч колдонуп тартып алышкан жана видеолорду өчүрүп салышкан.

«Мени эки күзөтчү имараттын ичине алып кирип, телефонумду тартып алышып, видеолорду толугу менен өчүрүп салышты. Ичинде 3 аял киши мага кол салды. Бирок мен алар менен урушкан жокмун. Биздин ишибизге тоскоолдук жаратышты», - деди Д.Шабданбек уулу.

Журналисттерге кол салуу болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзүп баштады. Милиция кызматкерлери көмүскө иш алып барган кумаркана деп эсептелген имараттын эшигин ачышып, журналисттерге кол салган күзөтчүлөрдү кармап кетишти. Тергөөчү Эржан Маниязов аталган жайды азырынча «кумаркана» деп так айтуу эрте экенин билдирди.

«Бул жерди "кумаркана" деп айтуу эрте. Текшерип баштадык. Бардык далилдер текшерилет. Эгер журналисттер арыз жазса, аны дагы ишке тиркейбиз», - деди ал.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Де люкс» мейманканасында жайгашкан көмүскө кумаркана боюнча буга чейин 2 ирет арыз түшкөнүн билдирди.

«Дел люкс» конок үйүнүн капталында жайгашкан кумаркана боюнча буга чейин милицияга эки ирет арыз түшкөн. Ошол арыз каралып жатканына карабастан кумар оюндарын уюштуруп келе жатышыптыр. Учурда милиция бул имаратты текшерүүгө алып жатат. Эгерде экспертиза тарабынан кумаркана уюштурулганы аныкталса, ал жабылат. Андан сырткары журналисттердин ишине тоскоолдук жараткандар суракка алынат», - деди З.Сыдыков.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумар оюндарын уюштуруучу мекемелерди жана казинолорду жабуу тууралуу мыйзам чыккан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 2018-жылы Ош шаарынын аймагындагы көмүскө кумарканаларды иштеткен 8 жай аныкталган. «Де люкс» мейманканасы эки ирет «Жашыруун кумарканаларды уюштуруу» фактысы боюнча катталган. Бирок атайын экспертиза жүргүзүлүп, ал жай «кумар ойноочу жай эмес» деген мазмундагы жыйынтык чыгарылган. Андан кийин катталган мекемелердин айрым ээлери көзөмөл органдарына «милиция кызматкерлери жеке ишкерлерге тоскоол болуп жатышат» деп арыз жазышкан.

«Бул багытта аталган жайларды текшерүүгө алган кызматкерлердин үстүнөн дагы тергөө жүрүп жатат. Быйыл 18-мартта "Де люкс" конок үйүнүн ишмердүүлүгү Жазык кодексинин 212-беренесинин негизинде (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу, кумар оюндарын өткөрүү) Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жаткан. Бүгүн 13-майдагы окуялар боюнча дагы тиешелүү маалыматтар топтолуп, иликтөө иштери башталды. Андан тышкары журналисттердин жумушуна тоскоол болуп, күч колдонуу катталган факт өзүнчө иликтенет. Учурда журналисттер арыз менен кайрылышкан жок. Бирок массалык маалымат каражаттарына тараган материалдардын негизинде иликтөө иштери уланууда. Учурда журналисттерге кол салууга шектүү катары "Де люкс" мейманканасынын эки кызматкери Ош ШИИБге алынып келинди», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында көмүскө иш алып барууга шектелип, текшерүүгө алынган кумаркананы видеого тартып жаткан эки журналистке кол салуу болгонун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×