Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуБакай-Ата району 13.05.2019 15:05 Жаңыланды: 13.05.2019 18:15 На русском

Аны тапкан адамга 1 млн беребиз дегенбиз: Тоодон сөөгү табылган жумушчу Р.Тотоновдун жакындарына 200 миң сом беришти

Бакай-Ата, издөө иштери
Бакай-Ата, издөө иштери

Turmush -  Бакай-Ата районундагы кенден жоголуп, сөөгү 4 айдан кийин табылган Рамис Тотоновдун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу кенди иштеткен «Глобал Ширалжын Майнинг» ЖЧКнын өкүлү Жаныбек Кубандыков билдирди.

«Бизде иштеген кызматкер Рамис Тотонов жаңы жоголгон учурда «бул жактан көрдүк, ичип жүргөнүн көрдүк» деп айтып келгендер болгон. «Ким аны алып келсе 1 млн сом берилет» деген сөзүбүз бар болчу. Бүгүнкү күндө аталган кызматкердин сөөгүн айылдашы тапты. Бирок ал адамга 1 млн сом берилбейт. Ал өзү деле «мен атайын издегени барган эмесмин, мал менен жүрүп эле көрүп калдым» деп айтты. Ал айылдашы дагы Рамис Тотоновдун аркасында калган 2 баласына жардам берип коюшубузду суранды. Кечээ күнү акыркы сапарга узатуу зыйнатына компания 200 миң сом берип келдик. Бул кызматкер жумуш учурунда, өндүрүштө эмес, вахтага эртең чыгам деген күнү эч кимге айтпай кетип жатат. Бүгүнкү күндө үй-бүлөсүнө бериле турган жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», - деди ал.

Окуя тууралуу:

2019-жылдын 6-февралында Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 34 жаштагы тургуну Рамис Тотонов 1 жумадан бери дайынсыз болуп, изделип жатканы кабарланган. Ал өзү иштеп жаткан алтын кенге барып, ал жерден белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайткан эмес.

Февраль айында 100гө жакын адам аны тоолордон, талаалардан издеп, таба албай койгон.

Кийин 4-мартта Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында адамдар чогулуп, Рамис Тотонов табылганга чейин кендин ишин токтотууну талап кылышкан. 14-мартта да Кыргызстан айылынын айрым тургундары чогулуп, Шыралжын кенинин ишин токтотууну талап кылышканы айтылган. Бирок Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев топтолгон адамдар Шыралжын алтын кенинин ишин токтотуу боюнча сөз кылышпагандыгын, алар Рамис Тотоновдун табылбай жаткандыгы боюнча маселени көтөрүшкөндүгүн билдирген. 11-майда Рамис Тотоновдун жансыз денеси табылганы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×