Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Чүй облусуКемин району 13.05.2019 15:04 На русском

Кеминде эки жигит бодо мал уурдоого шектелип кармалышты

Turmush -  Кемин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери мал уурдоого шектелген адамдарды колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

1545682.1.1557729889

Маалым болгондой, ушул жылдын 30-мартында Кемин РИИБге 61 жаштагы Ш.Ж. аттуу тургун кайрылып, 28-марттан 29-мартка караган түнү белгисиз адамдар Жаңы-Жер айылындагы сарайдан бодо мал уурдап качып кетишкендигин билдирген.

Аталган факт «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына Жазык кодексинин 200-беренеси менен (уурдоо) каттоого алынып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берилген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Кемин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүү адамдардын өздүгүн аныктап, 29 жаштагы К.У. менен 33 жаштагы Т.А.ны колго түшүрүшкөн. Андан соң аларды тергөө органдарына өткөрүп беришкен.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалды. Уурдалган бодо мал ээсине кайтарылып берилди. Тергөө иш-чаралары улантылып жатат. Азыркы тапта Кемин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кармалган шектүүлөрдүн башка дагы кылмыш иштерге тиешесин текшерип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×