Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуКара-Буура району 13.05.2019 14:20 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык мугалим Астра айым чеберчилиги менен ишкерлик кылууну да көздөп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылындагы 26 жаштагы мугалим Тургунбек кызы Астра чапан, чыптамаларды тигип сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Суулуу-Маймак айылында төрөлгөн. Кийин Аманбаев айылына келин болуп келген. Кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим.

«Кол өнөрчүлүккө кичинекей кезимден бери кызыгам. Буга түрткү болгон таенем. Анткени таенемдин колунда чоңойгом. Таенем менен отура калып, үй тиричиликке керектүү буюмдарды дагы тигип жүргөм. Жөндөмүм бар болгондуктан мен билбеген сырларын үйрөнүп алайын деп биринчи тигүүчүлүк боюнча орто окуу жайды бүтүп алгам.

Жан дүйнөм мугалим болууну дагы самап турчу. Кийин Бишкек гуманитардык университетин ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү күндө айылда кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп жатам. Менде бош убакыт бекерге кетпейт. Бош болгондо тигүүчү машинеме отура калам. Элден келген буйрутмаларды тигем. Бүтө коюп, мектептин жашоосуна аралашам. Көбүнчө буйрутмалар ушул айылдан келет. Чыптама, чапан, белдемчи жана башка кийимдердин түрлөрүн, пардаларды тигем. Бычмачылыкты дагы үйрөнгөндүктөн ар кандай кылып бычып, тигип дагы берем. Чоңдор, айымдар, балдар үчүн деп түрлөргө бөлүнө берет. Кездемесин Бишкектен алдыртам. Кээде өзүм барып сатып келем. Айрым учурда чапандарды даярдап тигип, сатып калам. Мурун башка кыздар дагы иштечү. Алар турмушка чыгып кетишип, азыр өзүм гана иштеп жатам. Алдыда айылдан тигүүчү эжелерди жумуш орду менен камсыздасам жана тигүүчү машиненин санын көбөйтсөм деп пландап жатам. Ал учурда буйрутманын санын дагы чектебей калам.

Балдардын чапан, чыптамаларын 1 саатта бүтөм. Алар 250-400 сомго чейин сатылат. Бүгүнкү күндө тигүүчү машинелерим бардык шаймандары менен камсыздалган. Ошондуктан бардык кийимдерди өз тартиби менен кынтыксыз тиге алам. Эл фасондорду көрсөтүшөт. Мен дал өзүндөй кылып тигип дагы берем. Чыгашадан тышкары айына 10 миң сом табам. Чапан, чыптамага түшүрүлгөн оюмдарды дагы айтышат. Мен ошол боюнча оюм салып берем. Оюмдар дагы көп түрлөргө бөлүнөт. Анын маани-маңызы дагы чоң. Жаштар, карылар, орто муундагылар үчүн деп бөлүнөт. Ак куу, музакалык инструмент, бугунун мүйүзү, мажүрүм тал жана башка түрлөрү бар. Фасонуна, кездеменин өңүнө жараша жиптерди тандап, саймаларды түшүрүп берем», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×