Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.05.2019 13:51

Ак-Сууда аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунун 3 айыл округундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Шахта-Жыргалаң айыл округунун башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Жал, Бөрү-Баш жана Шахта-Жыргалаң айыл округдарындагы аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Ар бир үй-бүлө 5 миң сомго эсептелген азык-түлүктөрдү алышты.

Мындай акцияны кайрымдуулук фонд уюштурган.

«Жардамга муктаж үй-бүлөлөр эң керектүү делген азык-түлүктөрдү алышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×