Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Баткен облусуКадамжай району 13.05.2019 13:41

Кадамжайдын Миң-Чынар айылында сел аккан 6 км канал бекемделип жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында сел аккан 6 км канал жараксыз абалга келип, элге кооптуулук жаратууда.

Айылдын башчысы Максытали Кошоковдун айтымында, катуу жааган жаанда сел жүрүп, үй-жайларды, жолду суу каптоо коркунучун жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү максатында ӨКМ менен жергиликтүү бийлик каналды бекемдөө иштерин аткарып жатат. Ал үчүн жергиликтүү бийликтен 2 «КамАЗ», 1 экскаватор, ӨКМден 4 тонна күйүүчү май бөлүнгөн.

«Бул сел аккан каналдан ашкан суу былтыр 10го жакын турак жайды, Суу пайдалануучулар ассоциациясынын имаратын бузуп кеткен. Ошондой эле жолдорду да каптаган. Азыр жумуш дээрлик бүтүп калды. Бул жакты бүтүргөн соң Өрүкзар айылында да сел каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×