Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТоң району 13.05.2019 13:15

Тоңдо 20 жылдык бүтүрүүчүлөр балдар аянтчасын курушту

Turmush -  Тоң районунун Ала-Баш айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү балдар аянтчасын куруп беришти. Бул тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн бири Талант Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, майрамдын ордуна айылга пайдалуу иш жасоону чечишкен.

«Биз мектепти 1999-жылы аяктаганбыз. Жалпы 14 классташ биригип, майрамдык кече уюштуруунун ордуна айылыбызга пайдалуу иш жасоону чечтик. Ойлоп көрсөк, айылда бала бакча же балдар ойной турган аянтча жок экен. Бала бакча кура албасак дагы балдар аянтчасын куруп бердик», - деди ал.

Балдар аянтчасын курууга жалпы 60-70 миң сомдой каражат жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×