Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАт-Башы району 13.05.2019 12:42 На русском

«Тагдыр»: Элдин жумушун жасап жан баккан Назгүл Стамакунованын эки уулу тең түрмөдө

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын жашоочусу Назгүл Стамакунова 1 бөлмөлүү эски үйдө күн кечирип келет. Анын бул тамы 1930-жыл мурун курулган.

Өзүнүн айтымында, үйү кооптуу абалда турат. Кокус жер титирөө болсо, кулап калышы мүмкүн. Эски тамда өзүнөн башка жээн небереси дагы жашайт.

Назгүл Стамакунова 4 баланын энеси, эки уулу камакта.

«Жакыр үй-бүлөбүз, каралаша турган адам жок. Эки уулум тең кесилип кетти. Үйдө неберем экөөбүз жашайбыз. Эки кызым бар, алар шаарда. 15 жашымда турмушка чыккам, жолдошум каза болуп калган.

Жалгыз бой болгондуктан жардам берүүнү өтүнөм. Каралашар кишим жок. Тамым жарылып жатат, качан кулап калат билбейм. Үстү түшкөнү калды. Устундары чирип калды. Башка баш калкалай турчу жер жок. Өзүм элдин жумушун жасап жан багам. Темир терип, аны сатам. Палас жууйм, үйлөрдү актайм. Пенсиям 1400 сом», - деди ал.

Назгүл Стамакунова 1960-жылы Ат-Башы айылында төрөлгөн. Ага жардам берем дегендер 0706 373 761 номуру аркылуу байланыша алышат.

Буга чейин Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну К.Жапарованын устун менен тирелген үйү кулап калгандыгы маалымдалган эле.

Курманбүбү Жапарова 70 жашта. Анын 2006-жылы курулган үйү 2015-жылы авариялык абалга кептелген. Мындан улам ал тиешелүү жактарга кайрылып, бирок эч кимден жардам ала алган эмес. Кийинчерээк Нарын облустук мамадминистрациясынан кагаз келип, анда айыл өкмөт тарабынан тиешелүү жардам берилери айтылган.

«2015-жылы үй жарылып калып, ӨКМге документтерди өткөргөм. Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жардам берилген жок. Айлам кеткенде облус башчысына болгон документтеримди топтоп, арыз жазгам. Ал айыл өкмөт 5000 сом берет дептир. Мени шылдың кылганыбы же атайын кылганбы? Түшүнө албай турам. Себеби, ушундай абалда турган үй 5000 сом менен кантип оңдоп-түзөөдөн өтөт?

Үйүбүз 20-апрелде кулап калды. Азыр кимден жардам сурарымды билбей турам?», - деди ал.

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 5-квартал комитетинин төрайымы Жамал Бекбогулова жабырлануучу көптөн бери эле тиешелүү жерлерге кайрылып жүргөндүгүн билдирди.

«Менин кварталымда К.Жапарова жашайт. Тамы авариялык абалда болуп, тиешелүү жактарга кайрылып жүрдү, бирок эч тыянак жок. Жанагыдай аз акча менен кантип оңдолот? Өзү жесир аял, 2-топтогу майып», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×