Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 13.05.2019 13:02 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Боронбаев айылда тепкичтерди жасап иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 33 жаштагы тургуну Нурлан Боронбаев 13 жылдан бери устачылык менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, курулуш иштеринин бардыгын жасай алат.

«Урайымбек чоң атам уста киши болгон экен. Устачылык тубаса өнөрүбүз десем болот. Мен өзүм 7-классымда эле иштеп баштагам. 13 жыл эшик, тепкичтерди жасап иштедим. Булардын баарын атайын окуп үйрөнгөн эмесмин. Өз алдымча үйрөнгөм. Документтер керек болгондуктан быйыл сентябрда лицейге тыштан окуу бөлүмүнө тапшырып койсомбу деген ойлорум бар.

Шаардан келип, 3 жылдан бери айыл ичинде иштеп жатам. Айыл жергесинде 2 кабаттуу үйлөр салынып жатат. Айылдын жашоосун көрүп, Бишкектин баасынан арзаныраак кылып тепкичтерди жасап жатам. Ширетүү жумуштарын дагы өзүбүз жасайбыз. Тепкичтерди тургузуп берем. Азыр 2 кабат үй курам дегендер көп. Тепкичтерден тышкары полдорун, ашкана эмеректери, чай ичкен столун үйгө эмнелер керек болсо баарын жасап беребиз. Эгер чоң тепкичтер болсо 15 күндүн тегерегинде бүтөт. Майда-чүйдө эмеректерди 1 күндө бүтүрүп коём. Тепкичтердин ар кандай түрлөрү болот. Айыл ичинде көпчүлүгү темир тепкичтерге качышат. Башкаларынын баасы кымбатыраак болот. Шаарда 200 миң сомго жасаган тепкичтерди айылда 100 миң сомго жасайбыз. 15-20 күндө бүткөн жумуштардын кирешеси өзүмдүкү 30 миң сомдой болот. Орто эсеп менен жылына 350-400 миң сомго жакын киреше болот.

Атамдын иниси дагы уста. Азыр экөөбүз иштешебиз. Анын дагы кол өнөрчүлүгү күчтүү, тамдын чатырын жабат. Мен өзүм тепкичтер менен иштегендиктен үйдүн чатырын жапканды билбейм. Атамдын иниси мага чатыр жапканды үйрөтсө, мен ага тепкич жасаганды үйрөтүп жатам. Азыркы учурда баласына дагы үйрөтүп жатам. Керектүү станокторду акем экөөбүз алып иштетебиз. Алдыда дагы станокторду алып, жумушубузду кеңейтебиз деген пландар бар», - деди ал.

Нурлан уста 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×