Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАт-Башы району 13.05.2019 11:27 На русском

Айыл турмушу: Согуштун ардагери Наамат ата 96 чөбөрөлүү болду

Ветеран ВОВ Наамат Жаналиев
Ветеран ВОВ Наамат Жаналиев
// Turmush

Turmush -  Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 4 гана ардагери бар. Алардын бири — Талды-Суу айылында бактылуу карылыкты кечирип жаткан Наамат Жаналиев. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Наамат Жаналиев 1922-жылы жазында Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. 7-классты бүтүргөн. Колхоздо соко кармап, кырман чаап, ар кандай жумуштарда иштеп жүрдү. 1943-жылы май айында согушка кеткен.

Курск облусундагы согушка кирип, кан суудай аккан кыргында Украинанын Полтава шаарында катуу жарадар болгон. Госпиталда дарыланып, 1944-жылы май айында мекенине кайтып келген. Келгенден баштап колхоздо койчу, жылкычы, уйчу болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыкты. Учурда 3 уулу, 5 кызы, 46 небере, 96 чөбөрө, 4 кыбырасы бар.

«Анда мен 17 жашта болчумун. Кыйын жерде болдук. Кар кечтик, суу кечтик. Украинага эс албай, уктабай бардык. Канча деген жаманчылыкты көрдүк. Канча деген балдар тоңуп өлүштү. Менин дагы бутум чала тоңду, бирок жакшы болуп кетти. Кээ бирлеринин бутун үшүк алып кетип, кестирип салышты. Алардын ичинен өлгөнү өлүп, калгандары аман калышты. Кайран жигиттин баары аркы дүйнөгө кетишти. Советтер союзунун тушунда согушка кирдик, ошентип душмандарды жеңип бердик. Азыр жыргал жашоо деп айтыш керек», - деди согуштун ардагери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×