Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАк-Талаа району 13.05.2019 10:35 На русском

«Мекендештер»: Айылдык жигит А.Кудайбергенов 5 жылдыздуу мейманканада орун басар болуп иштеп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 20 жаштагы тургуну Алманбет Кудайбергенов Түркиядагы 5 жылдыздуу мейманкананын директорунун жардамчысы болуп эмгектенүүдө. Мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Кудайбергенов Алманбет Калыбекович 1999-жылы Баетов айылында туулган. Атасы Калыбек Кудайбергенов союз учурунда жыгач уста болуп эмгектенип, 2011-жылы каза болгон. Ал эми апасы Сагынбүбү Асанова бухгалтер болуп иштеген.

Алманбет үй-бүлөдө 6 бир тууган. 2006-2017-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде билим алган. Учурда Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура жана информатика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн 3-курсунда окуйт.

Кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн жана араб, англис тилдерин орточо билген Алманбет Түркиядагы иши туурасында айтып берди.

«2017-жылы Түркияга келгем. Албетте, алгач келгенде түрк тилин билбей, бир аз кыйынчылыктар болду. Бирок бул жакта эжемдин жардамы менен кыйынчылыктарды жеңип чыктым десем болот. Мейманканада официант, курулуш тармагында гипсокартон орнотуп, боёкчу болуп иштедим. Андан кийин Анталья шаарында мейманканага келген туристтерди тейлеп жүрдүм. 2018-жылдын август айынан баштап Аланья шаарына келип, ал жердеги 5 жылдыздуу мейманканада директордун туристтерди тейлөө кызматы боюнча жардамчысы болуп иштеп жатам. Кудайга шүгүр», - деди А.Кудайбергенов.

Спорттун волейбол, баскетбол, шахмат жана эркин күрөш түрүнө кызыгып, райондук, облустук мелдештерде ийгилик жаратып келген Алманбет Түркия өлкөсү тууралуу мындай дейт: «Мен иштеген мейманкана 514 бөлмөлүү жана 1500 орундуу. Биз тайпа болуп иш алып барабыз. Мен келген туристтерди каттоого алып, карта жасап берип, бөлмөлөрдү сатып, туристтердин маселелерин чечип берем.

Түркияда кыргыздарга жакшы мамиле жасашат. Биздин элдин каада-салтын, меймандостугун, маданиятын, үрп-адатын жогору баалашат. Ал эми бул өлкө туурасында айта кетсем, Түркия — бул кооз, туризм тармагы абдан өнүккөн өлкө экен. Өзгөчө тоолор жана деңиз курчаган жаратылышы жакты. Келгениме 1,5 жыл болуп калды. 30га чукул шаарларын кыдырып чыктым. Мисалы, көчөдөн коомдук транспортко түшсөң биздикиндей болуп акча сунбай, электрондук карталар менен түшөсүң. Окуучулар менен студенттерди окуган жериндеги сервистер ташыйт экен. Кыскасы, элге абдан жакшы шарт түзүлүптүр. Мага дагы бир жаккан жери — бул өлкөдө мыйзамы дагы, бийлиги дагы күчтүү экен. Ушундан улам менде "биздин өлкө качан ушундай өнүгөт жана кайсы убакта ушундай жетишкендикке жетишебиз?" деген суроо туулду».

2017-жылы Ак-Талаа районунда өткөрүлгөн «Мырза жигит» кароо-сынагында баш байгени багындырган Алманбет ыр жазып, «Манас» эпосунан үзүндү айтат.

«Урааным — жашоону сүйүү, алдыга койгон максаттарыма ишенүү жана умтулуу. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов "адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу" дегендей, негизги максатым адам болуу. Мындай тарбияны ата-энем берген. Өзүм коомдук иштерге ар дайым активдүү катышууга аракет кылам. Кичине кезимде эле "Манас" эпосунан үзүндү айтчумун. Ырды 11-класстан тарта жазып калдым. Анткени, атам Калыбек ыр жазчу. Башында байламталары окшошпой жүрдү. Бирок улуу акындардын ырларын көп окугандыктан улам өздөштүрүп кеттим. Учурда эргүү келип, ыр саптары келе калганда дароо жазып калууга аракет жасайм. Көп ырларым бар», - деди ал.

Алманбет: «Өлкөмө кызмат кылуу — негизги максатым. Соң-Көлгө, Ысык-Көлгө 5 жылдыздуу мейманкана курсак деген жакшы тилегим бар. Бизде туризм тармагын өнүктүрүүгө бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Алсак, тарыхый жерлерибиз, абдан кооз жайлоолорубуз көп. Ошондой жерлерге туристтик жайларды ачууга максат коюп жатам. Учурда дагы өлкөбүзгө бул жактан туризм тармагы боюнча инвесторлорду тартып баруу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз», - деди А.Кудайбергенов.

Мекендешибиз үй жумуштарын жасаганды жакшы көрөрүн, уй саап, сары май сызгырып, курут жасап, айран уютуп, мал кайтарган жигит экендигин кошумчалап өттү.

Апакем

Апакем күн, дайыма жаркып тийген,
А, биз гүлбүз таазим этип, башын ийген.
Нурун төгүп коргоп турат шамалдан,
Апакем бар эң бир кооз көйнөк кийген.
Сырдуу жана мыкты адам болсун деп,
Ата-бабам Сырга деген ысым берген.
Ыраазыбыз апакебай бардыгыбыз,
Мээрим төгүп өстүргөн балдарыңыз.
Таазим кылат, башты ийип алдыңызда,
Апаке деп эркелеген кыздарыңыз.
Бир күнү майрам эле жаркыраган,
Журттун ичи кубанычка балкып калган.
Жашооңузду шатка бөлөп ошол күнү,
Бир наристе төрөлдү «ыңаалаган».
Сүйүндүңүз апакебай толкундана,
Майрам деп атты коюп кубанычтан.
Айлар өтүп зымырап кезек менен,
Күн батып убакыт түнгө кирген.
Нурун чачып, ай асманда чачыратып,
Ошол түнү кыз төрөлдү Нурай деген.
Ай сымал бийиктикте өмүр сүрсүн,
Кызыңыз кызмат кылып эркелеген.
Жашооңузга аралашып түш өңдүү,
Таежемдей Ай да, Күн да күлөбү?
Сулуулуктун так ортосу берилген,
Үчүнчү кыз Гүлзатыңыз төрөлдү.
Кичи пейил, ак ниеттүү таежем,
Ар намыстуу гүлдөй таза жүрөгү.
Америка Кошмо Штаттарын багындырган,
Элеонора Рузвельт аттуу айым чыккан.
Мына ушул айымдай кадыр-барктуу болсун деп,
Кызыңызга ат коюлган.
Канчалаган тилектерди сурадыңыз,
Бакыт-ыйман тилеп апа кудайымдан.
Он бешинчи кылымдардын ортосунда,
Жашап өткөн баатыр кыз Жаңыл Мырза.
Эрдик кылып эли үчүн душмандардан,
Коргоп келген эли жерин намыстана.
Жышаан менен ысымын койдурдуңуз,
Жаңылым деп эң кичүү кызыңызга.
Уктай албай өткөргөн түндөрүңүз,
Алдейлеген бешиктеги үндөрүңүз.
Салыштырар элем өчпөс чыракка,
Узун болсун апакебай өмүрүңүз.
Жылысын ысык чайга эриниңиз,
Жүгүнүп кызмат кылсын келиниңиз.
Ар убак бакыт тилеп, дуба кылган,
Күч берет, кубат берет тилегиңиз.

Кыргыз тилчи кызга

Улут жүзү тили болот эмеспи,
Кыргыз тилим улуу тилге теңешти.
Кыргыз тилин өздөштүргөн тилчи кыз,
Жүрөгүмө калтырдың го элести.

Тырмакчага алып алдың жүрөктү,
Тизмектедиң сага болгон тилекти.
Дүкүлдөгөн алсыз бир ууч жүрөккө,
Тапкандаймын толуктоочту, тиректи.

Жылмайганың жүрөккө нур чачкандай,
Күн чыгыштан ар бир таңым аткандай.
Түпкүрүндө түнөк тапкан уялап,
Жалгыз жүрөк, чындап ээсин тапкандай.

Калемиме капысынан кирип күч.
Жоголгондой жалгыздык да жүдөткүч,
Сага болгон сезимдеги даража,
Жай болбостон дайым болсун күчөткүч.

Сендик жүрөк меникин да тандасын,
Жандооч болуп түбөлүккө жандасын.
«А» тамгасы толуктады капыстан,
Жүрөктөгү алфавиттин тамгасын.

Жүрөк дагы жалындатты жарыгын,
Аныктоочтой аныктады жарымын.
Иш кагаздай иштеп чыгып максатын,
Жүрөк топтоп сүйүү деген тамырын.

Суроо эмес, тактык болсун сүйүүбүз,
Кылым эмес жашап жылды эки жүз.
Агымына түшүп алып жашоонун,
Сан атоочтой улай берсин күнүбүз.

Жүрөгүмдө жанган сымал жылуу тап,
Башка бирөө багындырбас кылычтап.
Ошол күчтүү, майтарылбас, багынбас,
Коёт үч сөз бышыктооч ой бышыктап.

Ырларым

Бүтүн ырым менин үйүм, төрт сап бөлмөм,
Көп адамдар өйдө-ылдый калчап көргөн.
Бир ыр үчүн эриткен бал сөз уксам,
Бир ыр үчүн өзүмдү-өзүм көмгөм.

Ырларымды жасап жазбайм, жашап жазам,
Кээ бирөөндө кыйытпай, атап жазам.
Мен кээсиндей жагалданбайм, ыраазымын,
Мейли алка, мейли жек көр, мазактасаң.

Ырларым деп, жандуу обон созуп алгам,
Сенден келген ызгаарга төш тосуп алгам.
Ырлар үчүн сенин оюң кандай билбейм,
Мен өзүмдү өлбөстөргө кошуп алгам.

Келе жатам ырларымды коруп алып,
Сен менен мен акыретте жолугалык.
Мен кетсем да ырларым калса экен,
Өлбөстөрдүн катарынан орун алып.

Жазып келгем, жаза берем жашап улам,
Жазган сайын кутуламын азабыман.
Мен жетпеген бийиктерге кеч жетсе да,
Орун алсын өлбөстөрдүн катарынан.

Жакыным

Далай жолу кыйналгамын, жаштагам,
Жакыным да өз оокатын таштаган.
Мага келип жөлөп жардам аябай,
Мээрим менен тоңгон музду кактаган.

Дайым колдоп жакшы жолду баштаган,
Көңүл жибип жүрөгүнө баш багам.
Канча ирет сынса дагы көңүлүм,
Сыныктарын топтоп жүрүп чаптаган.

Бой жеткенмин, өсүп калды акылым,
Мен эмесмин, силерсиңер акыным.
Ырларымды сезимиңен аламын,
Бүтпөс ырым, сүйөм сени жакыным.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×