Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.05.2019 10:11 Жаңыланды: 13.05.2019 12:05

Кара-Көлдө 2 унаа кагышып, 2 адам ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 12-майда Кара-Көл шаарында унаа кырсык катталып, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 08:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 427-чакырымында (Күрп-Сай тилкеси) болгон. Анда «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Камри» унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Тойота Камридеги» 1996-жылы туулган С.Ж. аттуу жигит менен 1965-жылы туулган К.А. аттуу аял жабыркаган. Алар тез жардам унаасы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилди.

Маалым болгондой, «Хонда Степвагондо» 7, «Тойота Камри» унаасында 4 жүргүнчү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×