Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 13.05.2019 09:48 На русском

Айыл турмушу: Шаарда чоңойгон К.Алиев айылга барып, жубайы менен мал багып жүрүп байышты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Ак-Башат айылындагы жубайлар — 50 жаштагы Куттубек Алиев менен 49 жаштагы Анипа Алиева элетте эмгектенип, 1,5 млн сом киреше таап жатышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жолдошу: Алгач борбордо жашап, кийин айылга көчүп келгенбиз. Атам эсепчи болчу, борбордо иштеген. Кийин айылга көчүп келгенде дагы эсепчи болуп иштеп жүрдү. Бир тууган акем экөөбүз союздун малын багып жүрдүк. Кийин акем бөлүнүп, мен мал чарбачылыкты улап кеттим. 1988-жылы жубайым менен баш кошуп, ошондон бери мал менен келе жатабыз. Малга эч кимибиз жакын эмес элек. Барына чыдадык, көндүк. Ошентип ийгиликтерге жетип отурабыз. Бул жакта мал менен алектенбесек болбойт. Дыйканчылык үчүн суу көйгөй жаратат. Эптеп мал сугарабыз. Үлүшкө тийген 3 гектар жерден тоют камдачубуз. Ал жетпей калып, көбүн сатып алчубуз. Былтыр айыл өкмөттөн 8 гектар жерди ижарага алып, азыр ошол жардам болуп жатат. Ал жерге чөп өстүрүп, тоютту сатып албай калдык. Тоютту жыйноого техника керек экен. Аны насыяга сатып алдык. Үзүрлүү эмгек кылып, «Мыкты фермер» деген грамоталар менен бир нече жолу сыйлангам.

Жалпы миңге жакын кой, 27 жылкы бар. Мал үчүн короо, кашар куруп, аларды кеңейттик. Жайында жайлоого, кышында кыштоого алып барабыз. Такай 3 жумушчу жалдайбыз. Сугат учурунда өзүнчө жумушчу алабыз. Койчуга жылда 200 миң сом кызмат акы төлөйбүз. Жылдык киреше 1,5 млн сомдун тегереги болуп калат. Жакшы кочкорлорду жылына алмаштырып турабыз. Балам кочкорлорду 50 миң сомдун тегерегинде сатып алып келет. Койлорду жакшы карап, семиртип сатабыз. Анткени баасы жакшы болот. Жылкы семиртип сатабыз.

Төл алуу дагы бакканга жараша болот. Туут учуру 1 айга созулат. Анда 3-4 сакманчы алабыз. 7 миң сомдун тегерегинде төлөп беребиз. Жайында жолдо 2-3 күн жүрүп, Чаткалга жайлоого алып барабыз. Сентябрь айына чейин ал жакта болуп, кайра сарайга келебиз. Январда Чоң-Тамчы деген кыштоого кетип, 1-мартта сарайга келебиз. Анткени туут учуру болот. Оңой жумуш жок. Карышкыр кыштоодон, кашардан дагы жеп кетет. Аны малчыга төлөтпөйбүз.

Жубайы: Малчыга дем алыш жок, азабы көп. Башында өзүбүз карап жүрүп, мал көбөйгөндө жумушчуларды алдык. Балдарыбыз кичинекейинде көчүп-конуп жүрдүк. Балдар биз менен жүрүп, мээнеткеч болушту. Малды карап, жакшы баксак пайдалуу. Малдын аркасы менен балдарды бактык, окуттук.

Жубайлар 4 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×