Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баткен облусу, Баткен 13.05.2019 09:33 На русском

А.Халмурзаев Баткен облусунун прокурору болуп дайындалды

Turmush -  Баткен облусунун прокурору болуп Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич дайындалды.

Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы боюнча тиешелүү буйрукка башкы прокурор кол койгон. А.Халмурзаев эмгек жамаатка 11-май күнү тааныштырылды. Буга чейин Баткен облусунун прокурору болуп Ороз Бердибаев иштеп жаткан.

Абдибакыт Халмурзаев 2017-жылы Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалган болчу. Ал Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Абиш Халмурзаевдин иниси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×