Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 13.05.2019 08:28

Чолпон-Атада журналист кызды көк бөрү ойногон ат ала качып, аттын үстүнөн секирип түшкөн

Turmush -  Жумуш учурунда журналист кызды Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү ойногон ат ала качып, анын үстүнөн секирип түшкөн. КТРКнын таңкы «Замана» берүүсүнүн алып баруучусу Саната Жумакадырованын абалы учурда туруктуу. Бишкек шаарындагы ооруканада дарыланып, үйүнө чыкканын Turmush басылмасына өзү билдирди.

Санатанын айтымында, окуя апрель айынын аягында Кара-Байыр ысымдуу атты минип, респонденттен маек алып жатканда болгон. Чолпон-Ата шаарына Чүй облусунун көк бөрү боюнча «Сары-Өзөн» командасынын аргымактарын жарнамалоого байланыштуу долбоор менен барган болчу. Бул аттын боюнун бийиктиги 1,80 см жетет.

«Буга чейин айылда чоңоюп, далай ат мингем, далай оодарылып түшкөн учурларым болгон. Бирок бул сапар башкача болду. Жай басып бара жаткан атым атырылып, тез чуркап жөнөдү. Улам арышын кенен ала тездегенинен оозун тартсам ээ бербеди. Туруп тартам, ээрдин кашына жармашып тартам… Менин жеңил салмагым атка сезилген да жок окшойт. Коркуп кетип, октой сызып бараткан аттын үстүнөн секирүүнү туура көрүп, секирип кеттим. Болбосо үзөңгүдө бутум калып, арка-мойнум астымда калбасын деп ойлодум», - деди Саната.

Дарыгерлер жамбаш 2 жеринен сынганын, операциясыз айыктырууга мүмкүн экенин айтышкан. Алгач жергиликтүү дарыгерлер, андан кийин Бишкектеги дарыгерлер жардам берип, учурда дарыланууну үйүндө улантып жатат.

«Абалым туруктуу», - деди С.Жумакадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×