Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусу, Нарын 13.05.2019 08:05

Нарын шаарынын мэринин кубогу үчүн 21 команда ат салышат

Turmush -  Нарын шаарындагы облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган спорттук мелдеш башталды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыл сайын салт катары ɵткɵрүлүп келген мелдеште быйыл 21 команда ат салышууда.

Алардын ичинен 12 команда айымдардан, 9 команда мырзалардан куралган. Кубок үчүн мелдеш эки этап менен өтүп, күз айларында жыйынтыкталат. Мекемелер ортосунда өтүп жаткан мелдештин максаты — ынтымакты бекемдөө, сергек жашоо образын калыптандыруу.

Мелдештин жүрүшүндө командалар спорттун волейбол, кол күрөш, шахмат, баскетбол, кичи футбол, теннис, таяк тартыш түрлөрү боюнча мелдешет. Биринчи этабында командалар волейбол, таяк тартыш, шахмат боюнча мелдешип башташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×