Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуЖумгал району 12.05.2019 21:06

Жумгалдын бир айылын кыян суу каптап жатат (сүрөт, видео)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Терек айылын коктудан түшкөн кыян суу каптап жатат.

Айылдык кеңештин депутаты Алтай Муталиевдин айтымында, айылда эки коктудан түшкөн кыян суу 7 үйдү каптап, чарбактарды бүт жууп кеткен.

«12-майда саат 14:00 чамасында катуу жааган жамгырдан соң коктудан түшкөн кыян суу каптап кетти. Жолдор дагы жараксыз абалга кептелди. Чаек айылдык кеңешинин депутаттарына кабарладык, айыл өкмөттөн комиссия түзүп келишет. ӨКМге кабарладык. Дагы жамгыр жаашы мүмкүн, алдын алуу иштерин жүргүзүү керек», - деди Муталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×