Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Чүй облусу, Кант 12.05.2019 14:05 На русском

Мекендештер: Италияга тил билбей барып, сүйүүсүн тапкан Заринанын жашоосу (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 32 жаштагы Зарина Осмоналиева. Ал учурда үй-бүлөсү менен Италиянын Неаполь шаарында жашайт. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Чехословакияда төрөлгөн.

«Атам аскер адамы болчу, ошол жакта кызмат кылып жүргөндө мен төрөлгөн экенмин. Үй-бүлөдө эки бир тууганмын, менден бир жаш кичүү сиңдим бар. Атам Чүй облусунун Кант шаарынан, апам Ат-Башы районунан болот. Мен 3 жашымда атам каза болуп калган. Апам турмушка чыкпай, бүт өмүрүн, жаштык кезин бизге арнап, бизди чоңойтту. Апам саанчы болуп иштеп, 1994-жылы Восток айылынан үй алган. Мен №3 орто мектепте 7-класска чейин окуп, андан кийин Кыргыз-Түрк «Анадолу» кыздар лицейинде билим алдым.

2004-жылы окууну аяктагандан кийин үйдөгүлөр мени мажбурлап турмушка берип салышты. Күйөөм мага атам жактан тууган болуп кетет. Мен каршы болгонума карашкан жок. Ошол үйдүн босогосун аттаганда эле аны менен жашабайм деген ой келген. Жолдошум үй-бүлөдө жалгыз уул болгондуктан эрке жана кызганчаак эле, кээде мага кол көтөрчү. 2005-жылы эркек балалуу болдук. Бирок чогуу жашап кете алган жокпуз. Акыры экөөбүз ажырашып кеттик. Алар колунда бар адамдар болгондуктан соттошуп, коркутуп жүрүшүп, баламды менден тартып алышты. Балам ал убакта 2 жашта болчу.

2008-жылы Москвада иштеген классташ кыздарым чакырып, ошол жакка кеттим. Баламды сагынып, иштей албай, бир жылга жетпей кайра кайттым. Москвадан Бишкекке барганда түз эле баламды көрүү үчүн Кантка бардым. Бирок кайненем мени үйгө киргизбей, баламды дагы көргөзбөй койду», - дейт ал.

Анын айтымында, ал Италияга иштөө үчүн жер которгон.

«Бишкектеги соода түйүндөрдө кассир болуп иштеп жүргөндө жездемдин Италиядагы туугандары мени чакырып калышты. Ошентип көбүрөөк акча табуу, бутума туруу жана апама жардам берүү максатында 2012-жылы Италиянын Неаполь шаарына келдим. Бир жумадан кийин эле жумушка орношуп, алгач бир үй-бүлөнүн үйүн жыйнап, кийин улгайып калган аялды карап иштедим. Тил билбегендиктен алгач кыйналдым, чөнтөгүмдө дайыма сөздүк болчу.

Ошентип иштеп жүрүп, Кыргызстандан алган насыямды төлөп бүттүм. Апама жардам бердим. Тилди бат эле үйрөнүп кеттим. Тил билип алгандан кийин маянасы көбүрөөк жумуш издештирип, бала караган жумушка орноштум. Ал жакта иштеп жүрүп, бир күнү катуу оорудум, дене табым көтөрүлүп, ден соолугум начарлай баштады. Мен иштеген үйдүн ээси ооруканага алып барды. Ал жактан дарыгерлер көрүп, «кантип иштеп жүрөсүң, сага иштегенге болбойт» дешти. Көрсө жүрөктөгү тешик аябай чоңоюп кетиптир, өпкөм да чоңоюп кеткен экен. Тез арада операция кылуу керек экенин айтышты. Негизи Италияда операция кылдырсам баары бекер болмок. Бирок апам Кыргызстанга кайтуумду өтүндү. Ошентип операцияга акча топтоп алып, 2014-жылы декабрь айында Бишкекке кайттым. Бир жылдан кийин операция болуп, ал ийгиликтүү аяктады. 10 күндөн кийин ооруканадан чыгып, үйдө 4 ай жаттым. Ошентип жакшы болгондон кийин кайра Италияга келдим», - деди ал.

Заринанын айтымында, ал турмуштун көп сыноолорун башынан өткөргөн.

«Италияда иштеп жүрүп, көп кооз жерлерди кыдырдым. Италиялыктар көп саякатташат, мен дагы Сицилия, Панарея, Искья аралдарында, Барселона, Помпей, Салерно, Сорренто шаарларында болуп, Францияны дагы көрүп келдим. Экинчи жолу бул жакка келе жатканда апама чакан ишкерчилик түптөөгө жардам берүүнү максат кылып келгем. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен. Турмушта мени башка сыноолор күтүп жатыптыр... Мен бул жакка келерим менен апам катуу ооруп калды. Операция болуп, химия терапия алды. Апамды сактап калыш үчүн гана иштедим. 1-2 жыл иштеп, тапкан акчамды апамдын дарылануусуна жумшадым. Кудайга шүгүр, азыр жакшы, аман-эсен айыгып кетти», - дейт ал.

Анын айтымында, ал Италиядан сүйүүсүн таап, турмушка чыккан.

«2018-жылы турмушка чыктым. Жолдошум — Каниет Темирбеков 1993-жылы туулган. Менден 6 жашка кичүү. 3 жыл сүйлөшүп, анан үйлөндүк. Ата-энеси башында каршы болгон. Бирок кайын энемди Италияга чакырдык, мени менен жакындан таанышкандан кийин макул болду. Ошентип, үлпөт той өткөрдүк. Учурда Неаполь шаарында жашайбыз. Бир уулдуу болдук. Жолдошум Италияга менден бир жыл мурун келген экен.

Италияда кыргыздар башында аз болчу, азыр көбөйүп калды. Неаполдо эс алуу күнү мекендештерибизди көп кездештиребиз. Италияда эжелер, кыздар үчүн жумуш көп. Аялдар үй жыйнап, бала карап иштейбиз. Эркектер көбүнчө дүкөндөрдө жардамчы болуп иштешет. Мен эң биринчи тил билбей келгенде 600 евро маяна алып иштедим, андан кийин балдарды карап иштеп жүргөндө маянам 700 евро болчу. Акыркы жумушумдагы эмгек акым 1000 евро эле. Азыр болсо балам менен үйдөмүн. Улуу балам атасынын колунда, ал 13 жашка чыкты, сүйлөшүп турабыз.

Алдыга койгон максаттарыбыз көп. Чет жерде иштеп жүргөнүбүз менен мекенибизге кеткибиз келет. Алгач өз өлкөбүздө ишкердик түптөп алып, анан кайтып баруу планыбызда бар», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×