Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 23:16

Жалал-Абаддагы нефтебазадан чыккан өрт өчүрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы "Томас" ЖЧКнын нефтебазасындагы алоолонгон өрт өчүрүлдү, бирок толук эмес, деп билдирди аймактык кабарчы.

Учурда мунайды кайра иштетүүчү жайды түтүн каптап турат. Өрт кайра тутанып кетпеши үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 30дан ашуун техника тартылган. Жалпысынан 17 өрт өрт өчүрүүчү унаа, 8 суу ташуучу унаа, 3 жүк жүктөөчү унаа, 5 жүк ташуучу унаа колдонулду. Ал эми өрттү өчүрүүгө 175 адам тартылган.

Маалым болгондой, өртүн кесепетинен 2 резервуар күйгөн. Тактап айтканда 1000 тонна мазут жана 1000 тонна күйүүчү май күйгөн. Калган эки резервуарга өрт жеткен жок. Мазутту кайра иштетүүчү жайда 1000 тонналык 4 даана резервуар, 2000 тонналык 4 даана резервуар жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×