Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 19:16 На русском

Жалал-Абаддагы кырсык: Нефтебазадагы өрттөн жабыркаган жумушчунун абалы оор (видео, сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү нефтебазадан чыккан өрттүн кесепетинен үч адам ооруканага жеткирилип, анын экөө биринчи жардам алып, үйлөрүнө кетишкен. Ал эми Сузак районунун 24 жаштагы тургуну Ж.у.Б.нын абалы оор бойдон калууда.

Жалал-Абад облусттук клиникалык ооруканасынын башчысынын орун басары Арстан Алымбаевдин айтымында, учурда дарыгерлер тийиштүү аракеттерди көрүшүүдө.

«Бизге үч бейтап кайрылды. Оор абалда жаткан бейтап нефтебазанын кызматкери экени айтылууда. Ж.у.Б.нын денесинин 50 пайызы күйгөн, абалы оор. Ал эми өрт өчүрүүчү Ч.О.нун бейти жана мойну күйгөн. Дагы бирөөсү жаракат алган. Экөө тең биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгып кетишти», - деди Арстан Алымбаев.

Ооруканага кайрылган бейтаптар:

- Ж.у.Б. башынан, мойнунан, денесинин сол капталынан жана тизесинен ылдый эки бутунан I-II даражадагы күйүк алган.

- Чыңгыз Орозбаев бетинен жана денесинен I даражадагы күйүк алган.

- Орозбай Эсенов көзүнүн үстүнөн (каш жагынан) жаракат алган.

Учурда өрт чыккан жерде 4 медициналык бригада иштеп жатат. Эки тез жардам унаасы, 2 реанимациялык-мобилдүү унаа даяр турушат. Жалал-Абад облустук ооруканада, Сузак райондук аймактык жана Октябрь райондук аймактык ооруканаларда 30 койка даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×