Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 18:47 На русском

Жалал-Абаддагы нефтебазадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө жайгашкан «Томас и Ко» ЖЧКга таандык нефтебазадан чыккан өрт саат 17:25те чектөөгө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда өрттү өчүрүү үчүн иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өрт чыккан жерге 10 өрт өчүүрүчү бөлүм тартылган.

Андан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган.

Буга чейин өрттүн кесепетинен 2 адам жабыркаганы жана 2 челектеги мазут күйүп жатканы белгилүү болгон.

Видео Turmush басылмасына Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат бөлүмү тарабынан берилди

Нефтебаза «Томас» ЖЧКсына таандык. Tazabek басылмасынын маалыматында, компаниянын жетекчиси — Токомбай уулу Жоомарт, ал эми уюштуруучулары — Ташиев Казыбек Кыдыршаевич менен Жылчымышев Замирбек Эгембердиевич.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×