Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
10.05.2019 16:54

Улуу Жеңишке 74 жыл: Оштун райондорундагы майрамдан фоторепортаж

9-май — Кара-Суу району
9-май — Кара-Суу району

Turmush -  Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Кыргызстандын бардык аймактарында ар кандай иш-чаралар өттү. Дээрлик бардык облустарда «Өлбөс полк» жүрүшү болуп, кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-энелерин, чоң ата-чоң энелерин эскеришти. Turmush басылмасынын кабарчылары Ош облусунун райондорунда өткөн иш-чараларга көз салды.

Өзгөн району

Майрамдык иш-чаралардын алкагында салтанаттуу парад болуп, ага райондогу күч түзүмдөрүнүн курамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты. Ошондой эле «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Надырбек Каримов (КСДП), өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев катышып, сөз сүйлөштү жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюшту. Жөө жүрүшкө жалпысынан 1000ге жакын адам катышты.

Учурда Өзгөн районунда Ата Мекендик согуштун 3 ардагери бар. Алар — Мамет Үмөтов (Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылынын 1924-жылы туулган тургуну), Турду Сатыгулов (Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылынын 1925-жылы туулган тургуну), Кудайберди Курманалиев (Мырза-Аке айылынын 1926-жылы туулган тургуну).

Өзгөн районунан Улуу Ата Мекендик согушка 7 миң 147 адам катышкан. Аладын ичинен 4 миң 403 жоокер мекенине кайтып, 2 миң 744 жоокер согуш майданында курман болгон. Өзгөн районунан СССРдин 6 баатыры чыккан. Алар — Мамасали Тешебаев, Иван Решетник, Осмон Жакыпов, Николай Калашников, Лаврентий Царенко жана Сульги Лутфуллин.

Чоң-Алай району

Чоң-Алай районунда оорукта эмгектенген ардагерлер сыйланды. Район боюнча тылда эмгектенген 11 ардагер бар.

Чоң-Алай айыл өкмөтүндө 64 карыя сыйланып, алардын ичинен тылда эмгектенген 2 ардагерге акчалай сыйлык тапшырышты. Ал эми Кашка-Суу айыл өкмөтү 5 ардагерге акчалай сыйлык ыйгарса, Жекенди айыл өкмөтүндөгү 4 ардагер акчалай сыйлык алды.

Алай району

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык иш-чарага райондогу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери — 100 жаштагы Суранбай Алиев катышты. Ошондой эле «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Ардагер Суранбай Алиев атайын аскердик унаага отуруп, райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн келишкен тургундар жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен бирге жөө жүрүшкө катышты.

Андан соң Гүлчө айыл өкмөтүндөгү «Жеңиш» сейил багында согушта курман болгондор эскерилип, гүлчамбар коюлду. Майрамдык иш-чаралар райондун борбодук стадионунда уланып, Алай музыкалык драма театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган театралдаштырылган концерттик программа тартууланды. Иш-чарада аким Замир Молдокулов, аксакалдар кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов, аялдар кеңешинин төрайымы Жумагүл Садыковалар сөз сүйлөштү.

Андан тышкары спорттук мелдештер уюштурулду.

Ноокат району

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Ноокат районундагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери арасында спорттун жеңил атлетика түрү боюнча мелдештер өттү.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

18-29 жаштагы мырзалар арасында:

- 1-орун — Бөрбаев Али (Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокат райондук бөлүмү);

- 2-орун — Мамазияев Болот (аймактык оорукананын адиси);

- 3-орун: Салтанат уулу Медербек (билим берүү бөлүмү).

30 жаштан жогору мырзалар арасында:

- 1-орун — Салиев Эрмекбай (Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокат райондук бөлүмү);

- 2-орун — Тажибаев Бекзат (райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы);

- 3-орун — Абдыкеримов Марсел (аймактык оорукана).

18-29 жаштагы кыз-келиндер арасында:

- 1-орун — Маматазим кызы Махабат (райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы);

- 2-орун — Алмаз кызы Жылдыз (аймактык оорукана);

- 3-орун — Сейитбек кызы З.

30 жаштан жогору кыз-келиндер арасында:

- 1-орун — Кылланова Гүлжан (үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору);

- 2-орун — Шерматова Салтанат (райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы);

- 3-орун — Аттокурова Гүлжамал (райондук архив).

Кара-Суу району

Улуу Жеништин 74-жылдыгына карата «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Ага Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, алардын уул-кыздары жана неберелери катышты. Ошондой эле Ата Мекендик согушта курман болгондорго куран окулду. Андан соң концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×