Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Чүй облусуКемин району 10.05.2019 16:32

Улуу жеңишке 74 жыл: Кеминдеги 3 ардагерге акчалай сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 2019-жылдын 9-майында Улуу жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара «Өчпөс полк» жүрүшү менен башталып, ага райондун мекеме-уюмдары, мектеп окуучулары, тургундары болуп жалпы 2000ден ашык адам катышты. Иш-чара райондук ички иштер бөлүмү баштаган салтанаттуу марш менен улантылды. Салтанаттуу маршта РИИБ, күзөт бөлүмү, «Кемин» чек ара тозоту, мектептер, бала-бакчалар өттү. Андан соң 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү, үч ирет залп атылды жана курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы Шаршеналиев Нурлан Алтымышович куттуктоо сөзүн сөйлөдү. Кемин шаарынын мэри Досов Солайбек Соодалиевич, Кемин районунун согуш ардагери Щербакова Надежда Николаевна, ардагерлер кеңешинин төрагасы Маралбаев Таалайбек Өскөнбаевичтер элди куттуктап өтүштү.

Райондук маданият бөлүмү жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт тартууланды.

Кемин райондук мамлекеттик администрация жетекчисинин орун басары Айгүл Курманалиеванын билдирүүсүнө караганда, Кеминден Советтер союзунун баатыры наамын алган ардагерлер болгон.

«Жер-жерлерде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтерине жана мемориалдык комплекстерине гүлчамбарлар жана гүлдөр коюлуп, Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу митинг-реквием өткөрүлдү. 3 ардагерге КРдин президентинин куттуктоосу тапшырылып, КРдин генералдык штабынын 3-даражадагы «Милдетке бекемдиги үчүн» жана КРдин коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин «Намыс» медалдары ыйгарылды.

Мындан тышкары Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 3 согуш ардагерине дубан башчысынын атынан 10000 сомдон, жеке демөөрчүлөр тарабынан 20000 сомдон акчалай сыйлык берилип, ардагерлерге жана оорук эмгекчилерге азык-түлүк баштыктары тапшырылды.

Райондук прокуратура тарабынан 3 ардагерге 5000 сомдон, райондук социалдык фонд башкармалыгы тарабынан 5000 сомдон тапшырылды.

Кемин райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дагы ардагерлерге колдоолор көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, өз мекенинин тынчтыгын, келечектин жарык болушун камсыздап, душмандар менен аёосуз кармашкандардын катарында Кемин районунун да 7 миңден ашык азаматы болгон. Алар согуш майданында баа жеткис эрдиктерди көрсөтүшкөн. Даңктуу жердештерибиз Василий Яковлевич Беляндра, Иван Спиридонович Немцев, Алексей Александрович Кривощеков Советтер союзунун баатыры болгондугу белгилүү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 350 ардагери жашаса, биздин районубузда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери арабызда. Алар: Щербакова Надежда Николаевна, Босиков Иван Дмитриевич, Брянский Иван Акимович. Ал эми оорук эмгекчилеринин азыркы таптагы саны — 13» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×