Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 16:11

Нефтебазадагы өрт: Жалал-Абаддагы облустук жана райондук ооруканаларда 30 койка даярдалды

Turmush -  Жалал-Абад облустук ооруканада, Сузак райондук аймактык жана Октябрь райондук аймактык ооруканаларда 30 койка даярдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Нурдин Эрматов билдирди.

Анын айтымында, кокустан өрттөн жабыркаган адамдарга ыкчам жардам берүү үчүн атайын койкалар даярдалды. Ал эми өрт орун алган жерде 2 реанимобиль жана 2 тез жардам унаасы даярдыкта турат.

«Эртең менен чакыруу түшкөн. Азыр 4 бригада даярдыкта турат. Техникалар да тартылган. Буга чейин эки адам ооруканага жеткирилип, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Андан башка адамдар жабыркаган жок», - деди ал.

Бүгүн, 10-майда «Томас» ЖЧКсына таандык нефтебазадан өрт чыккан. Азыркы тапка чейин өчүрүү иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин маалыматына караганда, министрдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, мындан тышкары Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк (пена) тартылууда.

«Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×