Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуКара-Суу району 10.05.2019 13:59 На русском

Айылдаштар жана мигранттардан жардам: Үйү өрттөнүп кеткен жалгыз бой энеге акча чогултуп беришти

Turmush -  Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын тургуну Насипа Арапаеванын үйү толугу менен өрттөнүп кеткен. Ага айылдаштары жана кыргызстандык мигранттар акчалай жардам беришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Россияда иштеп жактан Байкал Топчубаевдин айтымында, Н.Арапаевага Россияда иштеген Кара-Суу районунун тургундары акча чогултуп, жөнөтүшкөн.

«Биз жалпысынан 111 миң 800 сом топтоп, жөнөттүк», - деди ал.

Ал эми Эркин айылынын башчысынын маалыматына караганда, Н.Арапаеванын айылдаштары жалпысынан 66 миң сом чогултуп беришкен.

Насипа айымдын жолдошу 3 жыл мурда каза болуп калган. Учурда 4 баласын жалгыз багып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×