Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 10:55 На русском

Жалал-Абадда нефтебаза өрттөнүп жатат. Видео

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында нефтебазадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 10-майда өрт өчүрүү кызматына Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефтебазадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, нефтебаза «Томас и Ко» ЖЧКсына таандык. Tazabek басылмасынын маалыматында, компаниянын жетекчиси — Токомбай уулу Жоомарт, ал эми уюштуруучулары — Ташиев Казыбек Кыдыршаевич менен Жылчымышев Замирбек Эгембердиевич.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×