Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.05.2019 13:07

Ноокенде Жеңиш күнүндө «Өлбөс полк» акциясы өттү

Turmush -  Ноокен районунда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата «Өлбөс полк» акциясы болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, акцияга район акими Эркин Маматаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Кандуу апаатта курман болгон аталардын урпактары алардын портреттерин колго алышып, жүрүшкө чыгышкан. Район акими Э.Маматаев жеңишти тартуулаган аталардын саны азайып баратканын өкүнүү менен айтты.

«Ноокен районунан согушка 5600гө жакын жоокер аттанган. Алар согушта өз мекенинин тынчтыгы үчүн канын, жанын аяшкан эмес. Ал каргашалуу окуядан 700дөй жоокер кайтпай калган. Бүгүнкү күндө Жеңиш майрамын Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери, ооруктун 4 эмгекчиси гана тосуп отурат. Жеңиш тартуулагандардын катары азайып баратканы өкүндүрөт. Бүгүнкү бактылуу турмушту камсыз кылган сиздерге таазим», - деди аким.

Саамалыктын алкагында «Баатырларды эскерүү» аталышындагы сахналаштырылган көрүнүш тартууланды. Ардагерлер тынчтыктын баркын кадырлай билүүгө чакырышты.

Жалал-Абад облусунан 30 миңден ашуун жоокер согушка аттанып, алардын 18 миңи кайткан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×