Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 09.05.2019 12:50 На русском

Оштогу көк бөрүдө 2 команданын ортосунда чыр чыгып, бир улакчынын буту сынды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 8-майда Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналып өткөн көк бөрүдө улакчынын буту сынып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Күбөлөрдүн айтымында, чыр Кара-Кулжанын командасы менен Аксынын командасы таймашып жаткан учурда болду. Оюндун экинчи жарымында Кара-Кулжанын командасындагы оюнчу Аксы командасынын бир оюнчусун уруп жиберип, андан улам жаңжал чыккан. Анын кесепетинен Аксынын командасынын бир оюнчусу аты менен кошо жыгылып, буту сынды.

Мелдеште Кара-Кулжанын командасы Аксынын командасын 5:2 эсебинде жеңип алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×