Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуАк-Талаа району 08.05.2019 14:37

Ак-талдык 3 балбан эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде коло тагынышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын 3 жаш балбаны эл аралык мелдеште 3-орунду жеңип, коло медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 5-6-майда Токмок шаарында эркин күрөш боюнча «Сайлык» аталыштагы эл аралык турнир өтүп, ага 700 балбан катышкан. Бексултан Кубанычбеков 27 килограмм салмактагылар арасында 3-орунду ээлеп, коло тагынды. Ал машыктыруучу Чыңгыз Жамаловдун колунда тарбияланууда.

Ал эми 4-5-майда спорттун ушул эле түрү боюнча «Жетиген» аталыштагы эл аралык турнир өтүп, анда 55 килограмм салмактагылар арасында Муратбек уулу Нурканбай жана 32 килограмм салмактагылар арасында Давид Эсенкулов 3-орунду ээлеп, коло медаль менен кайтышты.

Бул мелдештерге Ак-Талаа районунан жалпы 20га чукул балбан катышып, күч сынашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×