Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 08.05.2019 13:20

Кызыл-Кыядагы ардагерлерге акчалай сыйлыктар жана медалдар тапшырылды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында согуштун жана ооруктун ардагерлерине, майыптарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 61 миң сом бөлүнүп, материалдык жардам жана майрамдык белектер таркатылды. Ошондой эле мамлекет тарабынан берилүүчү 15 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пул, 7-майда ар бир ардагерге президент тарабынан берилген 20 миң сом тапшырылды.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда Улуу Жеңиш майрамына даярдыктар жүрүп жатат.

Шаар жетекчилиги согуштун ардагери Шамурат Камалов менен жолугушуу өткөрүштү. Анда аксакалга Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы тарабынан берилген «Аскерде сиңирген эмгеги үчүн» медалы, ал эми Гайнулин Абдулхайга КРнын Улуттук гвардиясынын кол башчысы тарабынан берилген 1-даражадагы «Мыкты аскердик кызмат үчүн» медалы тапшырылды.

Согушка Кызыл-Кыя шаарынан 4390 адам кетип, алардын ичинен 1229 жоокер гана кайтып келген. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарында согуштун 2 ардагери жана ооруктун 39 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×