Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 08.05.2019 10:54 На русском

Таксисттердин кайгысы: Ошто 2 муниципалдык унаа токтотуучу жай ижарага берилген (видео, сүрөт)

«Достук» көпүрөсүнүн астындагы унаа токтотуучу жай
«Достук» көпүрөсүнүн астындагы унаа токтотуучу жай

Turmush -  Ош шаарындагы Тилеке баатыр көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн астындагы унаа токтотуучу жай келишимдин негизинде мыйзамдуу иштейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин башчысы Таймураз Исакжанов билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Тилеке баатыр көчөсүндө жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жай акылуу болуп, ага айдоочулар нааразы болуп жатышканын жазган. Алар борбордук базарга атайын унаалардын кирүүсү, базардагы тазалык, тартип боюнча рейд жүрүп жаткан учурда аталган унаа токтотуучу жайдан ар бир унаа үчүн 20 сомдон алынып жатканын айтышкан.

Сөз болуп жаткан унаа токтотуучу жай Тилеке баатыр көчөсүндөгү «Достук» көпүрөсүнүн астында жайгашкан. Ош шаардык мэриясын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Турсунай Айтматованын айтымында, муниципалдык унаа токтотуучу жайлар акысыз болушу керек.

«Былтыр муниципалдык унаа токтотуучу жайлар мэрия тарабынан акысыз кылынган. Тилеке баатыр көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайлар да акысыз болушу керек. Учурда ал жерде мыйзамсыз иштеп жатышат», - деген Т.Айтматова.

Бирок Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин башчысы аны менен макул эмес.

«Тилекке баатыр көчөсүндөгү көпүрөнүн астындагы унаа токтотуучу жай акылуу болуп калганы чын. Ал жерди сынактын негизинде “Нур-Ислам-строй” ЖЧК утуп алган. Баары мыйзам чегинде. Алар мамлекеттин казынасына айына 75 миң сом төлөшөт. Андан сырткары Жолдошбек Райымбеков көчөсүндөгү ун саткан базардын алдындагы унаа токтотуучу жайды Абдымомун Тагаев деген жеке ишкер сынактын негизинде утуп алып, иштетет. Ош шаарында 2 муниципалдык унаа токтотуучу жай акылуу. Ишкерлер келишимдин негизинде ар бир унаадан 10 сомдон алууга укугу бар Эгерде өз билемдик менен андан көп акча ала турган болсо, мыйзамды бузса, кайра келишимди жокко чыгарууга укугубуз бар», - деди Таймураз Исакжанов.

Унаа токтотуучу жайда айдоочуларды тейлеген кызматкер дагы 1 унаа үчүн 10 сомдон алып, анын ээсине атайын дүмүрчөк берип жатканын айткан.

«Бул жер көптөн бери бекер болчу. Май айынан баштап ар бир унаадан 20 сомдон алып жатышат. Ош шаардык мэрия тарабынан бардык унаа токтотуучу жайлар бекер болгон. Таксисттерден да 20 сомдон алып жатышат. Биз бир күндө бир нече жолу токтоого мажбур болобуз. Такси айдап оокат кылабыз», - дешкен жергиликтүү айдоочулар жана таксисттер.

Ал эми унаа токтотуучу жайга акы алып, иштетип жаткан жердин ээси Медер Кыдыралиевдин айтымында, ал аталган жерди ижарага аукциондон утуп алган.

«Буга чейин жер мыйзамсыз иштетилип келген. Мэриянын бюджетине эч кандай акча төлөнчү эмес. 2-майда мэриянын токтому менен жер муниципалдык унаа токтотуучу жай болду. Мамлекеттин казынасына айына 75 миң сомдон ижара акысын төлөө шарты менен келишип түзүлүп, аукциондон утуп алдык. Ар бир унаанын ээсинен 10 сомдон алабыз, атайын дүмүрчөк берилип жатат. Бизде тийиштүү документтер бар. Баары мыйзам чегинде. Бул жердин тазалыгын, коопсуздугун иретке келтирип, жоопкерчилигин өзүбүзгө алабыз», - деген Медер Кыдыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×