Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуАраван району 08.05.2019 12:33 На русскомНа русском

Видео: Ош—Араван жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду, арасында эки айлык наристе бар (толукталды)

Ош—Араван унаа жолундагы кырсык
Ош—Араван унаа жолундагы кырсык

Turmush -  Кечээ, 7-май күнү Ош—Араван унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, окуя саат 16:00 чамасында Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында катталган.

Араван районунун 1997-жылы туулган тургуну Ж.А. өзүнүн «Тойота Ипсум » үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыкканда Араван районунун 1970-жылы туулган тургуну Ж.М.нын «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан.

Анын кесепетинен «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Ж.М., унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр — Араван районунун тургундары М.Т. жана 2019-жылы туулган М.А. (эки айлык наристе) окуя болгон жерден каза болгон.

Ошондой эле Араван районунун тургундары — 1958-жылы туулган А.К., 1979-жылы туулган К.Н., 1987-жылы туулган М.Б. жана 2013-жылы туулган М.К. Араван райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү — Кара-Суу районунун 2000-жылы туулган тургуну Б.к.Ф. жана ошол эле райондун 2000-жылы туулган тургуну Э.к.К. денелеринен ар кандай жаракат алышып, алар дагы Араван райондук ооруканасына кайрылышкан. «Тойота Ипсум» унаасынын айдоочусу жабыркаган эмес.

Аталган жол кырсыгы боюнча Араван РИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×