Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 07.05.2019 17:18

Чыр менен башталган сот: Баткендин прокурорунун өлүмү боюнча биринчи отурумдун күнү белгилүү болду (видео)

Ош шаардык соту
Ош шаардык соту

Turmush -  Баткен облусунун прокурору маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелген Мелис Калыковдун иши боюнча Ош шаардык сотунун биринчи отуруму 22-май күнү болот. Бул тууралуу М.Калыковдун жактоочусу Асылбек Күңгүров билдирди.

Бүгүн, 7-май күнү Ош шаардык сотунда М.Калыковго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала угуу болгон. А.Күңгүровдун айтымында, ал отурум мыйзам бузуу менен башталган.

«Бүгүн, 7-майга саат 14:00гө Баткен облусунун прокурору маркум А.Мамажакыповдун иши боюнча алдын ала соттук отурум дайындалган. Алдын ала соттук отурумду дайындоо боюнча сот токтом чыгарып, аны тараптарга бериш керек болчу. Бирок биз токтом алган жокпуз. Биз муну соттук отурумда айттык. Бүгүнкү отурумга 3 прокурор катышып жатат. Алардын катарында Кызыл-Кыя шаарынын прокурору да бар. Сот аталган прокурорду иштен четтетүү боюнча өтүнүчүбүздү канааттандырган жок. Эмне үчүн Ош шаардык сотунда каралып жаткан ишке Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын кызматкери катышууда? Эмне үчүн тергөөчүлөр М.Калыковдун толук көрсөтмөсүн албай эле ишти сотко өткөрүп жатышат?», - деди А.Күңгүров.

Бирок жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Өсөрова М.Калыковдун күнөөлүү экендигин айтып жатат.

«М.Калыков күнөөлү. Анын күнөөлүү экени боюнча далилдер көп. М.Калыков буга чейин кыйноого кабылганын айтып чыккан. Бирок ал боюнча далилдер жок. Ал ишке юридикалык баа берилген», - деди Н.Өсөрова.

Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун иши бүгүн, 7-майда Ош шаардык сотунда каралып жатканын Turmush басылмасы жазган.

Прокурордун өлүмүнө шектелген М.Калыковдун жакындары жана маркум А.Мамажакыповдун туугандары Ош шаардык сотунун алдына чогулушкан. Маркум прокурордун жакындары колдоруна «М.Калыков өмүр бою камалсын!», «Соттордон адилет чечим күтөбүз» деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Андан соң эки тараптын өкүлдөрү бири-бири менен айтыша кетишкен.


Окуя тууралуу:

17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×