Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусу, Талас 07.05.2019 16:46

Айыл турмушу: Таластык чебер Н.Кадырова өзү ойлоп тапкан баштыктарды тигип, ишкерлик баштап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 35 жаштагы тургуну Нурзида Кадырова өзү ойлоп тигип жаткан кол баштыкчаларын сатыкка чыгарып жатат. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Токтогул районунун Үч-Терек айылында чоңойгон. Чеберчиликке бала кезинен эле кызыгат.

«Кичине кезимде апам 3 уул төрөп, анан төртүнчүсү болуп мен төрөлгөн экенмин. Апам аябай сүйүнүп, атымды дагы өзгөчөлөнтүп коюптур. Кыркымды чыгарганда дагы атайын уз таенемди чакырып, тырмактарымды ырымдап алдырткан экен. 6-классымда машинага отуруп, кийим тигип баштадым. Эң алгач сиңдиме көйнөк тигип бердим. Андан кийин акеме тоого көтөргөнү баштык тигип берген элем. Кичинемде эле кийим, сумка тиккенге кызыкчумун. Азыр да кызыгуум кала элек. Эми кыялдарымды ишке ашырып келе жатам.

Бир жолу мага буйрутма түшүп калды. Бир эже чет мамлекетке кетип жатам, мага ушундай көлөмдөгү кол баштыкча керек деди. Ошол кишинин буйрутмасы боюнча мен өзүм ойлонуп, өңүн, сүрөтүн тандап, көлөмүнө жараша тиктим. Учурда баштыктарды жаңыдан тигип баштадым. Ар кандай уюмдарга, базарда отургандарга, тааныш курбуларыма, сиңдилериме, жакын санаган адамдарга сатып өткөрүп жатам. Кээ бир адамдар түшүнбөй да жатат. Кээ бирлери түшүнүп, аз-аздан алып жатышат. Учурда ар кандай орнаменттери менен кол баштыкчаларды жасап жаткан учурум. Баштыктардын стили жеке чыгармам десем болот.

Бир гана кол баштыкчалар менен чектелбестен негизинен кийим, чыптама тигем. Өзгөчөлөнтүп тиккенди жакшы көрөм. Өзүм үтүкчү, өзүм тигүүчү дегендей, өзүм эле иштейм. Азыр бирөөгө акча төлөп бергенге шартым жок. Кездемелерди атайын тааныштар аркылуу алам. Келечекте «Камкор эне» деген фонд ачкым келет. Өзүмдүн башымдан көп нерсе өткөндүктөн башкаларга да жардам бергим келет. Ошондуктан "Камкор эне балакай" деген теманы алып, баштыктарга эмблема кылып чаптап тигип баштадым», - деди ал.

Чебер чайым 2 кыз, 2 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×