Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуЖумгал району 07.05.2019 15:47

Кызыл-Жылдызда тургундардын кичи футбол боюнча мелдеши уюштурулду

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында кичи футбол боюнча «Ынтымак жана достук» мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Акыл Өмүралиев билдирди.

Жыл сайын жаз жана күз айларында өткөрүлгөн мелдешке бул жолу 26 команда — 35 жашка чейинки кичүү муундун жана андан жогорку улуу муундун өкүлдөрү катышты. Мелдеш 1981-жылы туулган жигиттер тарабынан уюштурулган.

«Бул жолу Калык Акиев орто мектебин бүтүргɵндөрдү бириктирдик. Негизи ар муундун өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымакты бекемдɵɵ, сергек жашоо образын калыптандыруу максатында жыл сайын өткөрүп келебиз», - дейт А.Өмүралиев.

Мелдештин жыйынтыгында улуу муундар арасында 1-орунду айылдын 1975-жылкы тургундары алышса, 2-орунду айыл өкмөтүнүн башчысы Бектур Кыдырмаев баш болгон ардагерлер командасы, 3-орунду айылдын 1978-жылкы тургундары ээлешти. Ал эми жаш муундар арасында 1-орунду айылдын 1995-жылкы балдары алса, 2-орунду 2001-жылы туулган жигиттер, ал эми 3-орунду 1992-жылкы жигиттер ээлешти. Андан тышкары «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты ардагер» наамдары боюнча татыктуулар тандалды.

Жеңүүчүлөргө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мелдештин аксакал оюнчусу Марат Жакыповго да сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×