Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуАк-Талаа району 07.05.2019 11:47

Ак-Талаада спорттун 8 түрү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» аталыштагы спорттук мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл аймактар арасында спорттун футбол, волейбол, кыргыз күрөш, кол күрөш, ордо, жеңил атлетика, таяк тартыш түрлөрү боюнча мелдештер өткөн. Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн командасы, 2-орунду Терек айыл өкмөтүнүн командасы, 3-орунду Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн командасы камсыздашты. Жеңүүчү спортчулар 15-майдан 19-майга чейин өтө турчу облустук мелдешке жолдомо алышты.

«Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» аталыштагы спорттук мелдеш жыл сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×