Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусу, Нарын 07.05.2019 11:00 На русском

Нарындагы памирлик кыргыздар картон кагаз терип иштегени уятпы же ак эмгекпи? Видео

Turmush -  Кыргызстанга мындан 2 жыл мурун Улуу жана Кичи Памирден келген этникалык кыргыздардын көпчүлүгү Нарын шаарында жашап жатышат. Алардын ичинен эки үй-бүлө МДС аймагындагы турак үйлөрдүн биринде ай сайын ижара акы төлөп, күн кечиришүүдө. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

Памирлик кыргыз Жайчибек Абдикарим уулунун айтымында, аталган эки үй-бүлө Нарын шаарынын аймагынан картон кагаздарын терип сатышууда. Андан тапкан акчага күнүмдүк керектүү каражаттарды алышат. Көбүнчө тамак-аш сатып алышат.

«Бизди буга чейин Бишкектен бери журналисттер келип, "картон кагазын чогултуп иштеп жатышат" деп тартып кетишкен. Бирок алардын эч кандай пайдасын көрбөдүк. Тескерисинче бизди жаман көрсөтүп коюшту. Ошондон кийин акыркы күндөрү эч кимге маек бербей калганбыз.

Биз 3 айдан бери картон кагазын терип иштеп жатабыз. Себеби, бир үйдө 2 үй-бүлө 8 адам жашайбыз. Биздин тамак-ашыбызга жана ооруп калсак дары алганга акчабыз жок. Ошондуктан минтип картон кагаз чогултуп, күнүмдүк тапкан акчабызга керектүү азык-түлүктөрдү алып, күн көрүп жатабыз. Ага чейин Нарын районундагы Миң-Булак айылынын кыштоосунда мал багып иштеп жүрчүбүз. Кийин батирге кирип, 5 айдын ижара акысын төлөдүк. Андан кийин өкмөт былтыркы күздөн быйылкы май айына чейин батирдин ижара акысын төлөп, кышкысын жардам көрсөтүшкөн. Батирдин ээси "кийинки айдын ижара акысын төккүлө" дегенинен 2 айдыкын өзүбүз төлөдүк. Батирдин ижара акысы ай сайын 2500 сомдон. Ошондо биз 5000 сом картон кагаздан тапкан акчабыздан төлөдүк. Картон кагаздан күнүгө аз дегенде 100 сомдон табабыз. Эң көп дегенде 400 сомго чейин барат. Бирок биз аларды күнүгө өткөрбөстөн чогултабыз. Нурлан деген байке тараза алып берген. Ошол таразага күнүгө тартып, канча килограмм болгонун эсептеп, жазып турабыз. Күнүгө 30-40 килограммдай картон чогулат. Бир ай бою чогулткан картон кагаздарды Нурлан байке Бишкекке өткөрүп, бизге акчасын берет. Бир үйдөн чоң кайнатам экөөбүз иштеп жатабыз», - деди ал.

Жайчибек Абдикарим уулу Нарын жергеси жаккандыгын, бирок үй жок кыйналып жатышкандыгын билдирди.

«Мени менен иштеп жүргөн кайнатам айына 1500 сом, балдызым 1200 сом жөлөк пул алат. Менин балам бар. Ага 3 ай болду. Ал балама май айында жөлөк пул чектейбиз деген. Чектейт деп ишенип жатабыз.

Негизи Памир абдан суук. Бул жактагыдай базар жана оорукана жок. Бирок ал жактан мал багып, тамак-ашыбыз, оокат-жайыбыз бар эле. Бул жерде баары болгону менен өзүбүздүн үйүбүз жок кыйналып жатабыз. Мамлекет бизге жок дегенде үй алып берсе, минтип картон кагаз терсек дагы азык-түлүктү өзүбүз таап алат экенбиз. Эгер үй жок болсо, анда Памирге кетүүгө аргасыз болобуз», - деди ал.

Нарын шаарынын тургуну Жумагүл Абдылдаева көп жылдан бери соода борборунда эт сатып эмгектенип келет. Анын айтымында, Улуу жана Кичи Памирден келген кыргыздардын картон кагаз терип иштеп жатканына күн сайын күбө болот.

«Негизи өкмөт багабыз деп алып келгенден кийин, булардын картон кагаз терип иштегени туура эмес. Мени деле багам деп башка жерден алып келишсе, анан минтип кагаз терип иштесем жаман болмокмун. Бул терс көрүнүш жана уят», - деди ал.

Картон кагаз терип иштеп жаткан памирлик кыргыздарга тараза алып берген жеке ишкер Нурлан Үсөнкожоев буларды айтып берди.

«Мага былтыр жаңы жылга чукул бир кайрымдуулук фонддун жетекчиси келип, "Памирден келген кыргыздар жумушу жок, батирдин ижара акысына, тамак-ашына каражат жетпей кыйналып жатышат. Анда-санда ар кимден жардам болуп жатат. Бирок ал деле жетпейт да. Ошон үчүн аларга туруктуу жумуш болсо жакшы болмок. Эгер сизде жумуш орундар болсо, жумушка аласызбы?" деп кайрылган. Күн суук болуп кеткенинен улам аларды курулуш иштерине алган жокмун. Аларга "базардын тегерек четиндеги картон кагаздарды терип, мага алып келсеңер өткөрүп берем" дегем. Алар картон кагазын терип иштеп жатканына 3 айдан көп эле болду. Былтыркы жылдын кыш мезгилинен тарта эле тере башташкан. Памирликтердин бир ай чогулткан картон кагаздарын таксиден "кайрымдуулук кылгыла" деп салып жиберип, Бишкектен өткөрүп жаттым. Бирок айдоочулар 2 жолу гана бекер алып кетишти. Андан кийин килограммына 1 сомдон алышууда. Буларды көрүп, башка памирликтер дагы менден жумуш сурап келишкен. Аларга "курулуш иштери башталсын, силерге жумуш орундарын түзүп берем" дегем. Негизи туруктуу жумуш болсо жакшы болмок. Бирок аларга жумуш таап берүү кыйын экен. Памирде топоз багып жүргөндөрдүн колунан башка иш келе бербейт экен. Учурда Жайчибектин кайнатасы куруучунун жардамчысы болуп иштөөдө», - деди ал.

Памирлик кыргыздар чогулткан картон кагаздардын 1 кг салмагы 5 сомдон 6 сом 50 тыйынга чейин бааланат.

«Бишкекте дайыма өткөрүп турчу фирмабыз жок. Жарнамаларды карайм, кимиси кымбат алса ошого өткөрөм. Негизи килограммы 5 сомдон 6 сом 50 тыйынга чейин болот. Картон кагаздан көп деле каражат түшпөйт. Памирлик туугандарыбызга жардам болсун деп, картон кагаздан түшкөн акчанын үстүнө бир аз акча кошуп, бирөөнө 8 миң сом, экинчисине 10 миң сом чыгарып берем», - деди ишкер.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева батирдин ижара акысына атайын каражат бөлүнгөнүн жана тамак-аш үчүн да жардамдар берилип жаткандыгын айтты.

«Памирлик кыргыздар өздөрү биздин элчиликке кайрылып, "балдарыбызды окутуп алалы" деп суранышкан. Ошол жактан өкмөт тарабынан балдарды окутуу максатында алынып келген. Булардын "окууну бүтүп, кесипке ээ болуп, диплом алып алсак же окууну андан ары да улантсак" деген пикирлери да бар. Канча убакытка алып келингенин так айта албайм. Билим алып бүткөнчө бул жакта болушат. Учурда 18 бала билим алууда.

Картон кагазын чогулткан боюнча, мен ак эмгектин эч кандай уятын көргөн жокмун. Буларга батирдин ижарасы, жөлөк пул, тамак-ашка 7 миң сомдун тегерегиндеги акча берилүүдө. Ошондой эле, балдары бекер билим алып, бекер медициналык кароодон өтүп жатышат. Алар "биз Памирде бекер жатканга көнгөн эмеспиз" дешкен. Бизде деле Нарында таштанды чогултуп иштегендер бар. Памирликтер сизге эмне деп айтканын уга алган жокмун. Бирок алар мага "бизди байкатпай сүрөткө тартып кетип жатышат. Биз андайлардан тажадык. Бизге мындай адамдарды жөнөтпөңүзчү" деп айтып жатышат. "Мен жөнөткөн жокмун" дедим.

Учурда 10 үй-бүлө бар. Былтыркы жылдын аягында 3 үй-бүлө келген. Аларга 560 миң сом бөлүнүп берилген. Буга чейин келген үй-бүлөлөргө дагы каражат бөлүнүп берилген. Алардын ичинен жалгыз эле ушул үй-бүлө иштейт, кээ бирлери иштебей эле жатышат. Сиздер ушинтип чыгара берсеңиздер булар да иштебей жата бериши мүмкүн. Булар картон кагаз терсе дагы ак эмгек менен иштеп жатышат. Биздин мигранттар айласыздан 3-4 диплому менен чет өлкөлөрдө көчө шыпырып, картон кагаз терип жүрүшөт да. Мен буларды башка жумуш менен камсыз кылайын десем кесиби жок.

Үй алып берүү маселеси көтөрүлүп, өкмөт ойлонуштуруп жатат. Июндун аягына чейин батирдин ижара акысына акча каражаты бөлүнгөн. Биз памирликтер менен сүйлөшүп, "эч кимге акча бербе" деп айтабыз. Батирдин ижара акысын колдон колго бербей, атайын эсеп менен батирдин ээсине которобуз», - деди ал.

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлү Толгонбай Жаанбаев: «Мен так жооп бере албайм. Себеби Кыргыз өкмөтү менен Афган өкмөтүнүн ортосундагы келишимди билбей жатам. Бирок булардын аксакалы Абдулвайиддин айтымында, балдарын окутуу үчүн келишкен. Эгерде Кыргыз өкмөтү келишимде бардык милдетти мойнуна алып, памирликтерди бөпөлөтүп багабыз дешсе, анда албетте картон кагаз терип иштегени туура эмес. А, эгер жөн гана балдарын окутабыз деп келишсе, анда картон кагаз терип, өз каалоосу менен иштегени туура эле. Мен аларды көрүп келдим. Бардыгы жакшынакай эле жашап жатыптыр жана мага эч ким нааразычылыгын билдиришкен жок», - деди.

Нарын район аралык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, Нарын шаарында памирлик 8 түтүн үй-бүлө жашап жатат. Мындан сырткары Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 2 түтүн үй-бүлө жергиликтүү тургундардын мал-жандыгын карап жатышат.

Былтыр жайында Нарын облусундагы айрым, тактап айтканда 18 памирлик кыргыз Ооганстанга сапар алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×