Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 07.05.2019 10:48

Кадамжайда алдамчылык кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 56 жаштагы адам кармалды

Turmush -  Кадамжай шаарында алдамчылык кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 56 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын апрель айында Кадамжай шаарынын тургуну Д.А. милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында Кадамжай шаарында жашаган чала таанышы З.А. чыр жараткан жер тилкесин жана үйүнүн тийиштүү документтерин алууга жардам берем деп, 10 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жаткандыгын билдирген. Бул кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган, Кадамжай шаарынын мурда бир нече жолу соттолгон 56 жаштагы тургуну З.А. кармалды. Учурда кылмыш иш соттук кароого жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×