Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 07.05.2019 09:51 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Эшкожоева 11 жылдан бери балдардын ден соолугу үчүн кам көрөт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Арчагул айылынын 42 жаштагы тургуну Назира Эшкожоева 11 жылдан бери бала бакчада медайым болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Бууранын Көк-Сай айылынын кызы. Кийин Арчагул айылына келин болуп келген.

«Кичинекей кезимден бери эле дарыгер болом дечүмүн. Медициналык орто окуу жайды 1996-жылы бүттүм. Буга чейин өзүм чоңойгон Көк-Сай айылындагы төрөтканада медайым болуп иштегем. 11 жылдан бери бала бакчада иштеп жатам. Менин ар бир күнүм оюмдагыдан дагы жакшы жана эсте каларлык болуп өтөт. Балдардын саламдашып учурушканы эле жакшы маанай тартуулап берет. Бала бакчадагы балдар мени жакшы таанышат. «Ак халатчан уколу бар эжеке» деп алышат (күлүп). Дүйшөмбүдөн жумага чейинки күнүм балдар менен өтөт. Балдардын өздүк гигиенасын текшерип, ар кандай дене тарбиялык көнүгүүлөрдү аткарып турабыз. Чоңураак тайпалар менен суроо-жооптор болуп турат. Анда тиш, кол кантип туура жуулушу керек жана башка ушул сыяктуу нерселерди үйрөнөбүз.

Бир катар грамоталар менен сыйлангам. Менин ийгилигим кагаздарда эмес, ушул бөбөктөр сыркоолобой жүрүшсө, аларга тазалыкка тиешелүү маалыматтарды берсем, алар аны күнүмдүк жашоосунда аткарышса ошол ийгилик», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаш бөбөк берген белек жөнүндө айтып берди.

«Бир күнү иш бөлмөмдүн эшиги тыкылдап жатат. Ачсам орто тайпадагы бир кыз «сизге белек алып келдим, берсем аласызбы?» дейт. «Ооба, алам» десем, «Менин колум ооруп жүргөндө сиз бат эле айыктырып койдуңуз эле го. Мен дагы чоңойгондо сиздей доктур болом» деп кагазга ак халат кийгизип мени, менин жаныма өзүн тартып келген баракты берген. Ошол кыз колун үйүнөн эшикке кыпчытып алган эле. Бала бакчага келгенде күнүгө карап жүргөм. Ушундай жүрөк элжиреткен учурлар көп болуп турат», - деди ал.

Назира айым 3 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×